Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам жанданды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.   Ал эми буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Кытай Бишкекте 3 транспорттук түйүн курат

Кытай Бишкекте 3 транспорттук түйүн курат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн Жибек Жолу проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши, Лев Толстой — Фучик жана Лев Толстой — Жаш Гвардия бульвары кесилиштери тандалып алынды.   Документтер кытайлык тараптын кароосуна жөнөтүлдү.… Кененирээк…

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу жакында башталат

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу жакында башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламент отурумунда билдирди.   Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Бардык керектүү техника тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда.   Ушул жана… Кененирээк…

Apple компаниясы экинчи ирет катары менен дүйнөдөгү эң кымбат бренд болду

Apple компаниясы экинчи ирет катары менен дүйнөдөгү эң кымбат бренд болду. Өткөн жылы корпорация 11 пайызга кымбаттап, анын баасы 574,5 миллиард долларды түздү.   Рейтингде экинчи орунда Microsoft жайгашат. Бир жылда бренддин наркы 35 пайызга көтөрүлүп, учурда 461 миллиард доллар турат. Үчилтикти Google бекитет: өсүш… Кененирээк…

Эки унаа тейлөөчү борбор беш күндүк иш тартибине өттү

Эки унаа тейлөөчү борбор беш күндүк иш тартибине өттү. Бул тууралуу Транспорт каражатын каттоо мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Андан такташкандай, Сокулук — Москва жана Таш-Дөбө бөлүмдөрү эми жумасына 5 күн иштейт.   Чечим аймактык бөлүмдөрдүн ишин оптимизациялоо максатында кабыл алынды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Республиканын бир катар шаарларында жана райондорунда ипотекалык турак-жайлар курулат

Республиканын бир катар шаарларында жана райондорунда ипотекалык турак-жайлар курулат. Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү тапшырманы президенттин иш башкармалыгы берди.   Андан такташкандай, кеп Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин жана Ысык-Ата райондору тууралуу болуп жатат. Мындай чечим аталган аймактардын жашоочуларын жеткиликтүү үй менен камсыз кылуу максатында… Кененирээк…

Кыргызстанда 2024-жылдын аягында орточо жашоо минимуму 7 миң 963 сом деп эсептелди

Кыргызстанда 2024-жылдын аягында орточо жашоо минимуму 7 миң 963 сом деп эсептелди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын эмгекке жарамдуу катмарынын жашоо минимумунун өлчөмү 8  миң 906 сом болсо, пенсионерлердики 7 миң 63 сомду түздү.   Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү… Кененирээк…

Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 24-январга чейин кар массалары Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тишелеүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы автобекет күз айларында ишке кирет

Бишкектеги жаңы автобекет күз айларында ишке кирет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бекеттин ачылышы алгач май-июнь айларына пландалган, бирок айрым маселелерге байланыштуу жана курулуш, ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерди толугу менен аягына чыгарып, объектти күзүндө ачуу пландалууда.   Эске салсак, былтыр 23-октябрдан тартып… Кененирээк…

Кыргызстандыктар салыктарды эми банк карталары менен төлөсө болот

Кыргызстандыктар салыктарды эми банк карталары менен төлөсө болот. Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, эквайринг аркылуу салык төлөө үчүн cabinet.salyk.kg сайты жеткиликтүү.   Белгилеп кетсек, коопсуздукту сактоо максатында банк карталарынын маалыматтары сакталбайт жана системага байланбайт. Төлөмдүн жаңы ыкмасын киргизүү салык милдеттенмелерин тез, аралыктан жана коопсуз аткарууга мүмкүндүк… Кененирээк…