Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болду. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Тельман айылында жайгашат.   140 орунга ылайыкталган бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Өлкөнүн 5 жогорку окуу жайында илимий-изилдөө борбору түзүлөт

Билим берүү жана илим министрлигинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.   Жыйында белгилүү болгондой, долбоордун алкагында Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинде, Кыргыз… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке Токторбаевдин ордуна Пархат Тулендыбаев депутат болуп келди

Пархат Тулендыбаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында маалым болду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Тулендыбаевге депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырды. Ал Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди. Пархат Тулендыбаев буга чейин… Кененирээк…

Түп районунда жасалма мөңгү пайда болду

Түп районунда жасалма мөңгү пайда болду. “Турмуш” басылмасы жазгандай, объект Балбай айыл аймагындагы Чоң-Сары-Булак жайлоосунда жайгашат. Жасалма мөңгүнүн бийиктиги 10 метрге жетет.   Ал жайыттарды сугат суусу менен камсыздоого шарт түзөт. Мөңгүнү жаратууга 600 миң сом жумшалды. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Улуттук банк санарип сомду ишке киргизүүгө 5 миллион доллар багыттайт

Улуттук банк санарип сомду ишке киргизүүгө 5 миллион доллар багыттайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров билдирди.   Анын айтымында, каражат инновациялык продуктту иштеп чыгууга, аны сыноого жана ишке киргизүүгө жумшалат. Эске салсак, Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду… Кененирээк…

ЖК майыптыгы бар жарандарды зордуктоо үчүн өмүр бою абакка кесүү долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш бүгүн, 23-январда майыптыгы бар адамдарды зордуктоо үчүн өмүр бою абакка кесүүнү караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, колдоду. Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков мыйзам долбоору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жыныстык кол тийбестик укугун, кылмыштуу кол салуулардан… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда спорткомплекс пайда болот

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда спорткомплекс пайда болот. Курулуш иштерине тендерди Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү жарыялады. Долбоорду ишке ашырууга 25 миллион сом багытталат.   Тендердин шарттары боюнча, макулдашууга кол коюлгандан кийин курулуш иштери 150 күндө аякташы керек.

Кыргызстанда быйыл өлкөнүн ар бир аймагында туристтик базалар курулат

Кыргызстанда быйыл өлкөнүн ар бир аймагында туристтик базалар курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Долбоордун алкагында ишкерлер жаңы туристтик жайларды гана түзбөстөн, иштеп жаткандарын да модернизациялоого мүмкүнчүлүк алышат. Негизги көңүл тейлөөнүн сапатына, экологияга жана коопсуздукка бурулат.   Демилге туризм инфраструктурасын жакшыртууга жана бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда үй жаныбарлары жана канаттуулар каттоого алынууда

Кыргызстанда үй жаныбарлары жана канаттуулар каттоого алынууда. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда адистер Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында үймө үй кыдырып жатат.   Жыйынтык февралдын аягына чейин жарыяланат. Өткөн жылдагы каттоого ылайык, республикада 7 миллион үй канаттуусу, 1,5 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал, 500… Кененирээк…

Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушу май айында жыйынтыкталат

Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушу май айында жыйынтыкталат. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Мирислан Жекшеев билдирди.   Анын айтымында, трассанын негизги тилкелеринде иштер аягына чыккан. Учурда Чолпон-Ата шаарында ремонт жүрүүдө. Бул жерде жол катмары гана жаңыртылбастан, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, инфраструктура… Кененирээк…