Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, саат 10:00дөн кечки 8ге чейин Скрябин — Тыныстанов — Радищев — Панфилов — Медеров көчөлөрү менен Горький — Лев Толстой көчөлөрүнө чейин чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.   Мындай чара ремонт иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкекте асма жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктады

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов/Манас проспектисинде курула турган асма жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктады. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейинки асма жолдун узундугу 6 чакырымды түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 50 миңден 100 миң кишиге чейин… Кененирээк…

Бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздаган тармактар аталды

Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылы бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздаган экономика тармактарын атады. Маалыматка ылайык, алдыда соода тармагы турат. Ал мамлекеттик казынаны 70 миллиард сомдон ашык суммага толтурган.   Экинчи орунда пайдалуу кендер жана түстүү металлургия – 23 млрд сом. Ал эми каржы кызматтары… Кененирээк…

Кыргызстандын эл аралык резерви 5 млрд 88 млн долларды түздү

Кыргызстандын эл аралык резерви 2024-жылдын декабрына карата 5 миллиард 88 миллион долларды түздү. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу резерв 1 миллиард 851 миллион долларга көбөйдү.   Белгилеп кетсек, өлкөнүн башкы каржы мекемеси алтын-валюта резервинин жардамы менен негизинен валюталык интервенция аркылуу сомдун курсун турукташтырат.… Кененирээк…

Бишкекте жер мунапысы боюнча иштер быйыл аяктайт

Бишкекте жер мунапысы боюнча иштер быйыл аяктайт. Бул тууралуу мэрдин орун басары Азамат Кадыров билдирди.   Маалыматка ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларына жарандардан 18 миңден ашык арыз келип түшкөн.   Жерлерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын отурумунда 2 миң 130 адамга… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропорту ААК «Кыргызстан аэропорттору» ААК деп расмий өзгөрдү

Бүгүндөн тарта «Манас» эл аралык аэропорту Ачык акционердик коому «Кыргызстан аэропорттору» деп өзгөрдү. Мекемеден билдиришкендей, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү, ал эми өлкөнүн башкы аба майданы «Манас» эл аралык аэропорту деп аталып кала берет.   Мындай өзгөртүү Кыргызстандагы бардык аэропортторду бир бренддин алдына… Кененирээк…

Кыргызстанда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы масштабдуу рейд башталды

Кыргызстанда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чара 1-февралга чейин уланат. Анын алкагында чоң жолду кесип өткөн, жолдорго чуркап чыккан, тосмолордон ашып өткөн жөө жүргүнчүлөргө жана жөө өтмөктөн жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген… Кененирээк…

Ош мэриясынын аймактык башкармалыктарына жаңы техникалар тапшырылды

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, техникалар демөөрчүлөр тарабынан сатып алынган. Белгиленгендей, жергиликтүү бюджет бекитилген соң чарбалык тейлөө үчүн дагы кошумча жаңы техникалар алынат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Улуттук банктын кирешесин кайрадан республикалык бюджетке берүү пландалууда

Улуттук банктын кирешесин кайрадан республикалык бюджетке берүү пландалууда. Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорун карады.   Документ Улуттук банктын 2024-жылы тапкан пайдасын 100% бюджетке которууну карайт. Каражат республикалык бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жана социалдык маанилүү чыгымдарды каржылоого жумшалат.   Ушул жана… Кененирээк…

Былтыр Бишкек шаарынын кирешеси 36,8 млрд сомду түздү

Бишкек шаарынын 2024-жылдын январь-декабрда түшкөн кирешелери дээрлик 37 млрд сомду түздү. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков мэриянын жыл жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.   Маалыматка ылайык, калаанын кирешеси 2023-жылга салыштырмалуу 14 млрд сомго көбөйгөн. Анын ичинен салыктык кирешелер 16,5 млрд сом, салыктык эмес кирешелер 8 млрд… Кененирээк…