Кыргызстанда электрондук эмгек китепчеси пайда болот

Кыргызстанда электрондук эмгек китепчеси пайда болот. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, долбоор буга чейин айрым уюмдарда жана мекемелерде ишке ашырыла баштаган. Учурда пилоттук режимде иштеп жатат.   Система аркылуу иш берүүчүлөрдүн… Кененирээк…

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайлар модернизацияланат

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайларды модернизациялоо ушул жылдын биринчи кварталында башталат. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, инвестор менен декабрь айында келишим түзүлгөн. Мэр шаардын саркынды сууларын тазалоочу жайлары 50 жылдан ашык убакыттан бери оңдолбой келгендигин белгиледи.   Тармактар ​​аркылуу күн… Кененирээк…

Чүйдө Күн нурунан иштей турган эң ири электр станциясынын курулушу башталды

Чүй облусунда Күн нурунан иштей турган эң ири электр станциясынын курулушу башталды.   Объекттин кубаттуулугу 100 мегаватт болот. Бул 155 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет жана миллиондон ашык керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылууга жетет.   Бул долбоорго кытайлык компания 50… Кененирээк…

Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат

Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, курулуш иштери Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында жүрүшү күтүлүүдө. Мындан тышкары, ушул жылы Кыргызстанда 20га жакын футбол объектисинин курулушу жана реконструкциясы пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында жол кызматтары күнү-түнү нөөмөттө

Өлкөнүн ашууларында жол кызматтары күнү-түнү нөөмөттө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассаларды кардан тазалоо үчүн атайын техникалар Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана башка тоолуу аймактарда жайгашкан.   Айдоочуларга жол кыймылынын бардык эрежелерин так сактоо сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Баткен облусунун негизги көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо башталат

1-февралдан тарта Баткен облусунун негизги көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо башталат. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Буга чейин “кызыл сызыктан” өткөн имараттардын ээлерине эскертүүлөр жөнөтүлгөн. Ага ылайык, имараттар өз алдынча демонтаждалып, коомдук территория бошотулушу керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого 109,5 млн доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көл айланма жолунун Барскоондон Караколго чейинки бөлүгүн реконструкциялоого 109,5 миллион доллар бөлөт. Бул каражаттын 87 миллион доллары насыя түрүндө берилет. Калганы грант болот.   Белгилеп кетсек, Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Каржы министрлиги 365 чакырымды реконструкциялоого каражат таап, учурда… Кененирээк…

Сауд Арабия умрага барчуларга жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизди

Сауд Арабиясы умрага барчуларга жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, бир жаштан жогорку курактагы бардык чет өлкөлүк зыяратчылар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, анын сертификатын алышы керек.   Вакцинация Сауд Арабиясына барардан кеминде 10 күн мурда жүргүзүлүшү… Кененирээк…

Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт

Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.   Кеңеш экономиканын жана социалдык чөйрөнүн негизги тармактарында жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуу менен алектенет. Улуттук кеңештин милдеттерине жасалма интеллект тармагында долбоорлорду иштеп чыгуу, өлкөнүн илимий жана билим берүү… Кененирээк…

Сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыккандар азайды

Кыргызстанда сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыккандар азайды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 20-26-январга чейин республикада 11 миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 2,6%га аз.   Дарыгерлер алдын алуу иш-чараларын улантып, балдардын мектепке баруусун көзөмөлгө алууда.   Сасык тумоо… Кененирээк…