Марат Жусупбеков жаратылыш ресурстары министринин орун басары болуп дайындалды
Жусупбеков Марат Мамбетович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары — Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Министрдин жаңы орун басары министр Медер Машиев эмгек жамаатына тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.









