Ош – Наманган – Касансай маршруттук каттамы ачылды

Ош шаарынан Өзбекстандын Наманган шаарына андан ары Касансайга чейин маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу “Транс ордо” ЖЧКнын жетекчиси Мырзамат Чыңгараев билдирди. Анын айтымында, эми эки өлкөнүн эли ушул маршруттук каттам менен жүрө алышат. Касансай – Ош – Касансай багыты Наманган автобекети аркылуу өтөт. Билеттин баасы… Кененирээк…

Токтогул районунда дыйкан — фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Токтогул районунда дыйкан — фермерлерди тейлөө борбору ачылды.   Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, жаңы ачылган борбор райондогу айыл чарба тармагына тиешелүү мамлекеттик органдар дыйкан-фермерлерди кабыл алып, алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча кеңештерди беришет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда 1-марттан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда 1-марттан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат.   Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн убактан тарта өлкө аймагында акциздик маркасы жок тамеки продукциясын, майлоочу майлар жана аларга кошундуларды сатууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат.   Эске… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарындагы жашоочулары жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн коопсуз жайга көчүрүлөт

Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарындагы жашоочулары жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, райондук бөлүмдүн куткаруучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн тургундарына кооптуулук боюнча маалыматтар берилип, тез арада көчүп чыгуу зарылчылыгы… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда

Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Тендердик баасы 74 миллион сомду түзөт. Жаңы бала бакча эки кабаттан туруп, окуу класстары, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 14-майдан 21-майга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 14-майдан 21-майга чейин өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, учурда ЖРТга онлайн каттоо жүрүп жатат. Ал 4-апрелге чейин созулат.   Быйылкы бүтүрүүчүлөр окуган жеринен, ал эми буга чейин мектепти аяктагандар жашаган жери боюнча билим берүү башкармалыгынан каттоодон өтөт. Бүтүрүүчүлөр тестирлөөгө www.testing.kg сайтындагы… Кененирээк…

Бишкекте түндүк айланма жолду реконструкциялоо башталды

Бишкекте түндүк айланма жолду реконструкциялоо башталды. Мэриядан билдиришкендей, учурда трассанын боюндагы объектилер алынып жатат. Учурга карата ар кандай типтеги 147 конструкция демонтаждалды.   Муниципалитет кызматкерлери субъектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан тышкары, Унаа жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү жолдун ондоло турган тилкесине кирбеген объектилерди каттоого алып… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Саламаттыкты сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш депутаттары Саламаттыкты сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевдин талапкерлигин жактырды.   Ал буга чейин санэпидем көзөмөл департаментинде, милдеттүү камсыздандыруу фондунда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорлорунда иштеп келген, 2018-жылдан бери саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматын аркалаган.   Ал эми буга чейинки министр Алымкадыр Бейшеналиев… Кененирээк…

Ысык-Көлдө эркектердин ден соолугуна арналган бир айлык башталды

Ысык-Көл облусундагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда (ҮДТ) «Жоопкерчиликтүү бол!» урааны алдында эркектердин ден соолугун чыңдоого багытталган бир айлык башталды. Иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 20-декабрындагы буйругуна ылайык уюштурулууда. Агнын алкагында ҮДТ дарыгерлери акысыз текшерүү жүргүзүшөт жана гипертония, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети боюнча текшерилсе болот.… Кененирээк…

Өлкө аймактарында азык-түлүк жарманкеси уюштурулууда

Өлкө аймактарында азык-түлүк жарманкеси уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Иш-чара калкты арзан баадагы товар менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр жашылча-жемиш, эт, сүт азыктарынан тарта айыл чарба продукцияларынын түрүн сатыкка коюшат.   Ушул… Кененирээк…