Ош шаарында жаңы көпүрөлөр курулат

Ош шаарында жаңы көпүрөлөр курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бабараимов көчөсү унаа тыгынын жоюу жана шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында 6 катар унаа бата турган болуп кеңейтилет.   Жумуштардын алкагында, Бабараимов көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейин жана Турсунбаева көчөсүнөн Бабараимов көчөсүн карай эстакадалык көпүрөлөрдү куруу боюнча… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жаңы бала бакча курулууда. Архитектура, курулуш жана турак- жай коммуналдык чарба агенттигинен билдиришкендей, объект 100 орунга ылайыкталган.   Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 79 миллион сомду түзөт. Анда топтук окуу класстары, оюн жана уктоочу бөлмөлөр, ашкана, дарыгердин кабинети каралган.… Кененирээк…

Нью-Йоркто Криштиану Роналдунун эстелиги тургузулду

Нью-Йоркто Криштиану Роналдунун эстелиги тургузулду. Футболчу Португалия курамасынын формасында тартууланды. Бийиктиги 3 метрди түзгөн айкел колодон жасалган.   Анын жаратуучусу скульптор Серджио Фурнаринин айтымында, ал эстеликти жасоодо Роналдуну бир гана футболчу катары эмес, дүйнө жүзүндө миллиарддаган адамдарга дем берген инсан катары эсте калтырууну аракет кылган.

Бишкектеги Орто-Сай базарын тартипке келтирүү максатында базардын аймагында таштандыларды сорттоочу пункт ачылды

Бишкектеги Орто-Сай базарын тартипке келтирүү максатында базардын аймагында таштандыларды сорттоочу пункт ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, түйүн Безымянная көчөсүндө жайгашат.   Таштандыларды сорттоочу эко-аянтча санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган. Эми базардан чыккан таштандыларды атайын адис иргейт. Белгилеп кетсек, аталган долбоордун алкагында базардын аймагында дагы бир ушундай… Кененирээк…

“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38 гектар айыл чарба жерлери өнөр жай жана транспорттук аймактар категориясына трансформацияланууда

“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38 гектар айыл чарба жерлери өнөр жай жана транспорттук аймактар категориясына трансформацияланууда.   Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, Ак-Суу районундагы Алтын-Арашан айыл аймагынын жер тилкелери трансформацияланууга жатат. Эске салсак, “Каракол” эл… Кененирээк…

Кыргызстанда 49 миңден ашык ипотекалык батир курулуп жатат

Кыргызстанда 49 миңден ашык ипотекалык батир курулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кубаталиев билдирди.   Анын айтымында, батирлердин курулушун 2030-жылга аяктоо пландалууда. Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатат. Ушул жылдын аягына чейин Бишкекте, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында… Кененирээк…

FourFourTwo британиялык порталы тарыхтагы эң мыкты оюнчу деп Линель Мессини атады

FourFourTwo британиялык порталы тарыхтагы эң мыкты оюнчу деп Линель Мессини атады. Экинчи орунда легендарлуу Пеле жайгашса, үчилтикти Диего Марадона бекитет.   Криштиану Роналду рейтингдин төртүнчү позициясында. Андан кийин бразилиялык Роналдо турат. Эске салсак, Лионель Месси учурда америкалык “Интер Майами” клубунда ойнойт. Ал Америка кубогунун ээси… Кененирээк…

Чүй облусунун Сокулук районунда балдар лагери курулат

Чүй облусунун Сокулук районунда балдар лагери курулат. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, адистер долбоордун эскизин даярдады.   Лагерь Төш-Булак айылында жайгашат. Анда балдар үчүн эс алуу жана өнүктүрүү шарттары түзүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Балыкчы — Кочкор унаа жолунда кыймыл убактылуу чектелет

Балыкчы — Кочкор унаа жолунда кыймыл убактылуу чектелет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 3-мартка чейин трассанын 39-90-чакырымдары жана 42-90-чакырымдары Кубакы ашуусуна чейин жабылат.   Убактылуу чектөө Балыкчы-Кочкор темир жолун куруунун алкагындагы бургулоо жана жардыруу иштерине байланыштуу. Иштер жумасына үч жолу — дүйшөмбү,… Кененирээк…

Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин киргизилген чет элдик номерлүү унаалар гана мыйзамдаштырылат

Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин киргизилген чет элдик номерлүү унаалар гана мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдайт.   Президент жарлыгына ылайык, министрлер кабинети нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгат. Ведомство аралык комиссия сунуштарды даярдап, макулдашууга жөнөттү.   Документ боюнча мамлекеттик пошлина төлөнүшү керек, легалдаштырылган унаа үчүнчү жактарга сатылбайт… Кененирээк…