Кыргызстанда жогорку вольттогу жети көмөкчордондун кубаттуулугу жогорулатылат

Кыргызстанда жогорку вольттогу жети көмөкчордондун кубаттуулугу жогорулатылат. “Кыргызстан электр тармактары” ишканасынын маалыматына караганда, объекттер Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан.   Подстанциялардагы күч трансформаторлору алмаштырылат. Бул кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону камсыздайт, ошондой эле жаңы абоненттерди кошуу үчүн шарттарды… Кененирээк…

Кыргызстанда кызамык боюнча абал курч бойдон калууда

Кыргызстанда кызамык боюнча абал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 10-февралга карата өлкөдө кызамыктын 2 миңден ашык учуру катталды.   Ооругандардын басымдуусу Бишкек шаарында жана бул жалпы көрсөткүчтүн 62 пайызын түзөт.   Бейтаптардын 96%ы эмдөөдөн өткөн эмес.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкектен Жалал-Абад жана Баткенге аба каттамдар убактылуу токтотулду

Бишкектен Жалал-Абад жана Баткенге аба каттамдар убактылуу токтотулду. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, мунун себеби туруксуз аба ырайына байланыштуу.   Маалыматка ылайык, аталган облустардан борбор калаага учуп келүү да азырынча мүмкүн эмес.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Эми Баткенде жол инспекторлорунун жумушу боди-камералар аркылуу көзөмөлдөнөт

Эми Баткенде жол инспекторлорунун жумушу боди-камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.   Камералардын аркасында айдоочу менен мамиле көзөмөлгө алынат.   Мындан ташкары ар бир кызматкерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кызматтык тартипти жана мыйзамдулуукту так сактоо, жарандар менен сылык мамиледе… Кененирээк…

Ош шаарында эки жаңы көпүрө пайда болот

Ош шаарында эки жаңы көпүрө пайда болот. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясы билдирди.   Биринчи көпүрө Бабараимов көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө, экинчиси Турсунбаев көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейин курулат.   Долбоорлорду ишке ашыруу жол тыгындарын азайтып, шаардын инфраструктурасын жакшыртат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жаңы атайын техникаларга ээ болду

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жаңы атайын техникаларга ээ болду. Жалпысынан 10 унаа, анын ичинде жүктөгүч, экскаватор, кызматтык унаалар берилди.   Жабдуулар мамлекеттик ишкананын өздүк каражатына сатылып алынган. Анын жалпы баасы 36 миллион сомдон ашты.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.… Кененирээк…

Бишкектеги ооруканада чыккан өрткө байланыштуу кырдаал өзгөчө көзөмөлдө

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтундагы өрткө байланыштуу кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алды. Окуянын келип чыгуу себептерин мекемелер аралык комиссия иликтейт.   Касымалиев ошондой эле институттун ишин тез арада калыбына келтирип, бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча… Кененирээк…

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин долбооруна каражат дээрлик табылды

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбооруна каражат дээрлик табылды. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын өкүлдөрү Дүйнөлүк банкка ар бир өлкөгө 500 млн доллардан бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жөнөтүшкөн.   Жазында аталган банк менен Стамбулда дагы бир жолугушуу өтөт.… Кененирээк…

“Ош” аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө кирди

“Ош” эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим түштүк калааны туман каптаганына байланыштуу кабыл алынды.   Кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстандагы аэропорттордун кызматкерлери төш камераларды тагына баштайт

Кыргызстандагы бардык аэропорттордун кызматкерлери төш камераларды тагына баштайт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, бул чара аба майдандардагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатуу жана кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө багытталган.   Төш камералар жүргүнчүлөрдү тейлөө учурундагы маанилүү окуяларды каттап, талаштуу… Кененирээк…