Белгилүү журналист Нарын Айып дүйнө салды

Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды.   Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин… Кененирээк…

ЖК Нурдан Орунтаевди министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берди. Бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды. Эске салсак, Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин 2023-жылдан бери жетектеп келген. 11-февралда аталган агенттик министрликке айланган. Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек-Кербен аба каттамы ишке кирет

1-марттан тарта Бишкек-Кербен каттамы ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, каттамды ата мекендик авиакомпания аткарат. Учуулар жумасына бир ирет — ар ишемби сайын болот.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстандык спортчулар былтыр 835 медаль утуп алышты

Кыргызстандык спортчулар былтыр 835 медаль утуп алышты. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, командалар 283 алтын, 223 күмүш жана 329 коло байгеге ээ болушту.   Биздин спортчулар Париждеги Олимп оюндарына, Астанадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Казанда өткөн БРИКС оюндарына жана башка чоң мелдештерге катышты.   Кошумчалай кетсек, өткөн… Кененирээк…

Таласта аба чубалгыларын капиталдык оңдоо иштери башталат

  Март айында Талас облусунда аба чубалгыларын капиталдык оңдоо иштери башталат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жумуштар Талас, Айтматов жана Бакай-Ата райондорунда жүргүзүлөт.   Жалпысынан 200 километрден ашык аба чубалгыларын оңдоо пландалууда. Реконструкция ноябрь айына чейин созулат.   Иш-чаралар аймакты электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталган. Ушул… Кененирээк…

Салык кызматы 21,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу карызын өндүргөн

Өткөн жылы Мамлекеттик салык кызматы 21,5 миллиард сом салык жана камсыздандыруу карызын өндүргөн.   Ведомстводон билдиришкендей, акча мамлекеттик бюджетке которулган.   Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр натыйжалуу санариптик инструменттерди жана пайдалуу кызматтарды киргизүүнүн аркасында жетишилди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулады

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Ал эми илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 75-80 пайызга көбөйдү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Былтыр Кыргызстанга 2 млрд 989 млн доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга 2 млрд 989 млн доллар которулган. Улуттук банктан билдиришкендей, акыркы жылы алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулар көбөйдү.   Маалыматка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгүн — 2 миллиард 700 миллион долларды Россиядагы мигранттар жиберген.   Ал эми Кыргызстандан чет мамлекеттерге 2024-жылы 445 млн доллардан ашык… Кененирээк…

Кыргызстан менен Омандын ортосунда түз аба каттам ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Омандын ортосунда түз аба каттам ачылышы мүмкүн.   Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, министр Жээнбек Кулубаев Омандык авиакомпаниянын өкүлү менен жолугушту. Анын алкагында авиакомпанияга эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.   Компания өз кезегинде Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды… Кененирээк…

Парламент комитети Орунтаев менен Шайлдабекова боюнча чечим кабыл алды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти комитети Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кылып дайындоого макулдук берди. Ошондой эле Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.   Эске салсак, буга чейин Нурдан Орунтаев жетектеген… Кененирээк…