“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы карызы көп абонеттердин суусун өчүрдү

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы карызы көп абонеттердин суусун өчүрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, эң көп карыз Свердлов, Биринчи май жана Ленин райондорунда катталып, бересенин көлөмү он миңдеген сомго жеткен.   Ишкана бардык абоненттерди таза суу менен камсыздоо кызматын өз убагында төлөп, карызды чогултпоого чакырат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Кыргызстанда 3-класска чейинки окуучуларга баа коюу системасын жоюу сунушталууда

Кыргызстанда 3-класска чейинки окуучуларга баа коюу системасын жоюу сунушталууда. Билим берүү министрлиги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жаңы долбоорун иштеп чыкты.   Тактап айтканда, 1-3-класстарга баллсыз система киргизүү сунушталууда. Мында жазуу же оозеки түрүндө “сапаттуу сыпаттама баалоого” гана жол берилет. Бул учурда окуучунун жеке сапаттарын,… Кененирээк…

Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ар кандай долбоорлорго 222 миллион доллар бөлүп берет

Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ар кандай долбоорлорго 222 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде жактырылды.   Сумманын 74,8 миллиону грант түрүндө берилсе, 147 миллиондон ашыгы насыя. Каражат ирригация тармагын жакшыртууга, ипотекалык насыялоого, санариптештирүүгө, калкыма күн электр станциясын… Кененирээк…

Ошто жаңы парк курулат

Ошто жаңы парк курулат.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал Мамыров көчөсүндө жайгашат. Профилдик кызматтарга аллеясы, LED-экрандары менен менен эс алуу аймагынын эскизин түзүү тапшырмасы берилди. Паркта көчө жарыгы өткөрүлүп, шаар тургундары үчүн бардык шарттар түзүлөт. Бул үчүн мыйзамсыз объектилер түрттүрүлөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Баткен районунда 5 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Баткен районунда 5 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. “Турмуш” басылмасы жазгандай, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Бөжөй, Боз-Адыр, Чарбак, Согмент жана Кара-Бак айылдарында жайгашат.   Кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу — көбүрөөк балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу максатын көздөйт.

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу көрсөткүчү кайрадан өсүүдө

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу көрсөткүчү кайрадан өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 10-февралдан 16-февралга чейин республикада 10 миң 796 учур катталды.   Бул өткөн жумага салыштырмалуу 3 пайызга көп. Дарыгерлер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп, балдардын мектепке баруусун тактап жатат. Ооруну алдын… Кененирээк…

Нарын облусун таза суу менен камсыздоо максатында Азиялык өнүктүрүү банкы кошумча 32 миллион доллар бөлүп берет

Нарын облусун таза суу менен камсыздоо максатында Азиялык өнүктүрүү банкы кошумча 32 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде биринчи окууда жактырылды.   Эске салсак, буга чейин облустагы 43 айылды таза суу менен камсыздоого кредит алынган, бирок 23… Кененирээк…

Маданият министрлигине Кыргызстандын жаңы гимни боюнча 16 долбоор түштү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Кыргызстандын жаңы гимнинин 16 долбоору келип түштү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди. Ал өзгөртүүлөр менен комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2025-жылдын 21-апрелине чейин… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда жаңы мектеп пайда болот

Баткен облусунун Лейлек районунда жаңы мектеп пайда болот. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект 225 окуучуга чакталып, Ай-Көл айылында жайгашат.   Мектепте окуу класстарынан тышкары лабораториялар, дарыгердин кабинети, окуу, акты залдары жана сырткы спорт аянтчасы каралган.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы  70… Кененирээк…

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлат. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева парламент отурумунда билдирди.   Анын айтымында, аталган тест абитуриенттер үчүн эч кандай артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди бербейт. Андыктан, кызыл аттестаттар менен эле жалпы республикалык тестирлөө калат, — деди министр.   Эске… Кененирээк…