Бишкек — Кербен аба каттамы 1-мартта кое берилет

Бишкек — Кербен аба каттамы 1-мартта кое берилет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропортторунун” басма-сөз кызматынан билдиришти. Аталган багыт боюнча учактар жумасына бир жолу — ишемби күндөрү каттайт.   Эгер жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйсө, рейстердин саны дагы кайра каралат деп күтүлүүдө.

Мамлекеттик гимдин жаңы редакциясынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча сынак уланууда

Мамлекеттик гимдин жаңы редакциясынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча сынак уланууда. Маданият министрлигинен билдиришкендей, учурга карата  279 жарандан 439 арыз түштү.   Анын ичинен 23ү толугу менен талаптарга жооп берип, каттоого алынды. Ведомство эскертеткендей, сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар катышса болот. Арыздар 20-мартка чейин кабыл… Кененирээк…

Кийинки окуу жылында 2018-2019-жылдары туулган, бала бакчаларда даярдоо тобун жана нөлүнчү классты аяктаган балдар 2-класска барат

Кийинки окуу жылында 2018-2019-жылдары туулган, бала бакчаларда даярдоо тобун жана нөлүнчү классты аяктаган балдар 2-класска барат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, алар дагы мектепти 17 жашында бүтүрүшөт. 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барат. Алгачкы 12 жылдык билим берүү… Кененирээк…

Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери камсыздандыруу полистерин онлайн режимде ала алат

Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери камсыздандыруу полистерин онлайн режимде ала алат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, аны cabinet.salyk.kg сайтынын “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” бөлүмүндө алса болот.   Эске салсак, аталган парктардын резиденттери камсыздандыруу полистерин алуу менен орточо айлыктын 12 пайызын камсыздандыруу төлөмү катары… Кененирээк…

Ленинградда өрттөн жабыркаган бир кыргызстандыктын абалы оор

Россиянын Ленинград облусунда кафеден чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алган. «Бир кыргызстандык өтө оор абалда ооруканага… Кененирээк…

Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына атайын техникалар тапшырылды. Муницпалитеттен билдиришкендей, техникалар жеке ишкер Улукбек Абиев тарабынан алып берилди. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке ишкерге коммуналдык кызматтарга эки жүк ташуучу экскаватор жана бир жүк түшүрүүчү унааны белекке бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Эскерте кетсек, 20 күн… Кененирээк…

Гүлсүнкан Жунушалиева Жогорку Кеңештин депутаты болду

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Боршайком “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде турган Гүлсүнкан Жунушалиевага Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды. БШКдан билдиришкендей, Гүлсүнкан Жунушалиевага күбөлүк жана төш белги берилди. Белгилей кетсек, бүгүн БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда арызынын негизинде токтоткон… Кененирээк…

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы рейтингдик турнирге катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы рейтингдик турнирге катышат. Мелдештер 26-февралдан 2-мартка чейин Албанияда өтөт. Курамага Сезим Жуманазарова, Калмира Билимбекова, Гүлнура Таштанбекова жана Айпери Медет кызы кирди.   Алар машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында килемге чыгат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Лебединовка ГЭСи оңдолот

Лебединовка ГЭСи оңдолот. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, реконструкция иштери үчүн Кыргызстан менен Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы ортосунда кредиттик, гранттык макулдашуу жетишилди.   Келишимдин жалпы баасы 13,5 миллион еврону түзөт. Долбоордун алкагында станциянын кубаттуулугу көбөйүп, электр энергиясын өндүрүү көрсөткүчү жакшырат, ошондой эле объекттин иштөө… Кененирээк…

Индия тургуну радиолордун дүйөдөгү эң чоң коллекциясын чогултту

Индия тургуну радиолордун дүйөдөгү эң чоң коллекциясын чогултту. Эркек кичинекей кезинен тарта ар кандай буюмдарды чогултуп келген, почта маркаларын, гезит сандарын жана башкаларды.   Акырында радиоприемниктерди чогултууга өткөн. Учурга карата анда 1 миң 257 радио бар, бул көрсөткүч ага Гиннес рекорддор китебине катталууга жардам берди.… Кененирээк…