Opta суперкомпьютери Чемпиондор лигасында жеңишке башкы талапкерлерди атады

Opta суперкомпьютери Чемпиондор лигасында жеңишке башкы талапкерлерди атады. Биринчи орунда англиялык “Ливерпуль” жайгашты. Команданын жеңишке мүмкүнчүлүгү 20 пайыздан ашат. 16,5 пайыз менен “Арсенал” экинчи позицияда.   Лидерлердин үчилтигин испаниялык “Барселона” бекитет, ал 12,5 пайыз менен турнирди жеңиши мүмкүн. Эске салсак, Чемпиондор лигасынын учурдагы жеңүүчүсү мадриддик… Кененирээк…

Кара-Балтада 60 блоктон турган 15 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды

Кара-Балтада 60 блоктон турган 15 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, аймакка 4 миң 420 батир салынат. Андан тышкары, коммерциялык жайлар, 750 орундуу эки мектеп, 280 орундуу эки бала бакча, эс алуу зоналары,… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерлик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды

Кыргызстанда ишкерлик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ал бүгүн күчүнө кирди. Эске салсак, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө мораторий 2024-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген.   Бул бизнести мамлекет тарабынан колдоо үчүн… Кененирээк…

Ошто Раззаков көчөсүндө тротуардын курулушу башталды

Ошто Раззаков көчөсүндө тротуардын курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдун жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзсө, кеңдиги 3 метрге жетет.   Иштердин алкагында мыйзамсыз курулуштар жана тосмолор түрттүрүлө турганын муниципалитеттен эскертишти.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ошто айланма жолду жакшыртуу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты

Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүнүн эки жээгиндеги эскилиги жетип, башаламан жайгашкан соода объектилеринин ордун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу менен айланма жолду жакшыртуу боюнча эскиз долбоору иштелип чыкты. Муниципалитеттин маалыматына караганда, эскиз долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалды. Эске салсак, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга… Кененирээк…

Министр Кендирбаевага эскертүү берилип, орун басары кызматтан алынды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага жана анын биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге сөгүш, дагы бир орун басары Лира Самыкбаевага катуу сөгүш берилди. Министрдин дагы бир орун басары Расул Абазбек уулу кызматынан бошотулду. Буга жеке жогорку медициналык окуу жайларга көзөмөлсүз лицензияларды берүү, аккредитациялоо процессин… Кененирээк…

Ошто жаңы мектеп курулат

Ошто жаңы мектеп курулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект Мамытов көчөсүндө жайгашат. Буга чейин жер тилкеси муниципалитеттин балансына кайтарылган.   Окуу жайдын долбоору жакынкы күндөрү даярдалып, ага жараша шаар бюджетинен каражат бөлүнөт. Жаңы мектеп 1-сентябрга чейин курулуп бүтөт деп күтүлүүдө.

Эмгек министрлиги социалдык кызматкерлерди окутуу программасын ишке киргизет

Эмгек министрлиги социалдык кызматкерлерди окутуу программасын ишке киргизет. Тренингдер өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. 5 күндүк окутууда катышуучулар социалдык иштин негиздерин үйрөнүп, баарлашуу, оор кырдаалдардагы үй-бүлөлөргө, балдарга колдоо көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүшөт.   Окутуу президенттин социалдык кызматкерлердин жаңы штатын киргизүү боюнча чечиминин алкагында жүргүзүлөт.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстанда чиновниктердин кызматтык командировкаларынын натыйжалуулугуна көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда чиновниктердин кызматтык командировкаларынын натыйжалуулугуна көзөмөл күчөтүлөт. Министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга кызматерлердин иш сапарларынын санын кыскартып, отчеттуулуктун ачыктыгын камсыздоо тапшырмасын берди.   Өкмөт башчынын айтымында, мындай чара бюджеттин чыгашаларын кыскартууга жана министрликтердин ишин жакшыртуу ниетин көздөйт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Картошканын экспортуна тыюу салынбайт

Картошканын экспортуна тыюу салынбайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жумаев билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим дыйкандар пайда көрүүсү үчүн кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин аталган министрлик Кыргызстан картошканы чет жакка… Кененирээк…