Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Казакстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Расмий сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат. Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул Адылбек… Кененирээк…

Салык төлөөчүлөр отчет берүү мөөнөтүн узартууга онлайн арыз бере алышат

Эми салык төлөөчүлөр отчет берүү мөөнөтүн узартууга онлайн арыз бере алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, арызды cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө калтырса болот.   Салык органы отчет берүү мөөнөтүн узартуу боюнча чечимди бир жумушчу күндүн ичинде кабыл… Кененирээк…

Сауд өнүктүрүү фонду Бишкекте беш жаңы мектеп курат

Сауд өнүктүрүү фонду Бишкекте беш жаңы мектеп курат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мекемеде аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, мамлекеттик мектептерди куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ага ылайык, ордо калаада беш жаңы мектеп… Кененирээк…

Кардиохирургия институту убактылуу башка имаратка көчүрүлөт

Бишкектеги өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту Республикалык дартты аныктоо борборунун имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.   Маалыматка ылайык, имарат бошотулгандан кийин анын өрт чыккан жертөлөсү толугу менен оңдолуп, үстүңкү кабаттарда косметикалык оңдоо иштери жүрөт.… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары телефондо сүйлөштү

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Сүйлөшүүдө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.… Кененирээк…

Кыргызстанда 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Кыргызстанда 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.   Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы… Кененирээк…

Ошто мэриянын ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды

Ош шаарынын мэриясынын ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Алты даана “HYUNDAI Porter” үлгүсүндөгү унаалар Red Petroleum компаниясы тарабынан алынып берилген. Жаңы техникалар “Ош шаардык автоунаа”, “Ош свет”, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты”, “Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык турак жай” муниципалдык ишканаларына жана Ош… Кененирээк…

Караколдо тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Каракол шаарында 18-20-февраль күндөрү тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кыргызстандагы эркектер тууралуу кызыктуу фактылар жарыяланды

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандагы эркектер тууралуу кызыктуу фактыларды жарыялады. Маалыматка ылайык, өлкөдө 3,5 миллиондон ашык эркек жашайт. Бул жалпы калктын 49,5% түзөт.   Эркектердин үчтөн экиси айыл жеринде жашайт.   2023-жылы эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли болжол менен 77% түзгөн. Иштеген… Кененирээк…

Кыргызстанда социалдык кызматкерлер атайын окутуудан өтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык кызматкерлерди окутуу программасын баштайт.   Тренингдер өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт. Анын алкагында катышуучулар социалдык иштин негиздерин, жумуштун ар кандай этаптарында баарлашуу көндүмдөрүн, оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоонун баалуулуктарын жана инструменттерин, ошондой эле профессионалдык чарчоонун алдын алуу… Кененирээк…