«Маңка-Жар» коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлгө алынды

Бишкектеги «Маңка-Жар» коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Тиешелүү иштердин натыйжасында болжол менен 230 үй селден корголот.   Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам «Маңка-Жар» коктусунан суу ташкындап, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана 100дөн ашык үйдү суу каптаган.   Ушул… Кененирээк…

Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы боюнча бардык иштер бир ай ичинде аяктайт

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишим эртең Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.   Маалыматка ылайык, андан соң документке президенттер кол коёт. Кийин Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрөт. Ратификацияланган мыйзамдар президенттер кол койгондон кийин ишке кирет.… Кененирээк…

Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушу башталды

Баткен шаарында 10 миң адамга ылайыкталган стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан тышкары үч машыгуу оюн талаасын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтыйт. Бул жерде ошондой эле профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100… Кененирээк…

Мас абалда машина айдаган 18 миңдей айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Акыркы эки жылда Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 18 миңдей айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.   Белгиленгендей, мас айдоочуларга 17 миң 500 сом айып пул салуу жазасы бир жылга унаа башкаруу укугунан… Кененирээк…

Ош облусунун Ноокат районунда 15 турак үй селден корголот

Ош облусунун Ноокат районунда 15 турак үй селден корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул үчүн атайын инженердик техника бөлүндү. Иштер Төөлөс айыл аймагынын Толман айылында аткарылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Быйыл Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод ишке кирет

Быйыл Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Энергетика министрлиги билдиргендей, нефтини кайра иштетүүчү ишкананын курулушу учурда 95%га аяктады.   Азыркы тапта жети скважинадан нефть чыгарылып жатат. Бүгүнкү күндө 200 тонна мунай өндүрүлдү.   Заводду толук ишке киргизүү 2025-жылдын март айына пландаштырылган. Анын алкагында 350-400 жаңы… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстан 3,6 млрд кВт/cаат электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан былтыр коңшу өлкөлөрдөн 3,5 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, 2024-жылы республикалык жалпы керектөө 18 млрд киловатт-сааттан көп болду.   Эске салсак, өлкөдө өткөн жылы болжол менен 17,5 млрд киловатт-саат электр жарыгы керектелет деп эсептелген.… Кененирээк…

Акыркы 120 жылдын ичинде планетада орточо жашоо узактыгы бир кыйла өстү

Акыркы 120 жылдын ичинде планетада орточо жашоо узактыгы бир кыйла өстү. Эгер 20-кылымдын башында бул көрсөткүч орто эсеп менен 32 гана жашты түзсө, 2023-жылы эки эседен ашык көбөйүп, 73 жашка жеткен.   Бул таасирдүү өсүш медицинадагы жетишкендиктер, анын ичинде антибиотиктер, вакциналар жана дартты эрте аныктоо… Кененирээк…

Бишкекте мыйзам бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүрөт

Бишкекте мыйзам бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүрөт. Ички иштер министрлиги билдиргендей, жума жана ишемби күндөрү патрулдук милициянын 50 бригадасы жол эрежесин бузгандарды аныктайт.   Өзгөчө көңүл мас абалында унаа башкарууга, жол бейбаштыгына, мыйзамсыз тонировкалоого жана машинени каршы тарапка айдап чыгууга бурулат.   Мындай рейддер… Кененирээк…

Оштогу «Достук» чек ара бекетинин жанындагы көчө иретке келтирилет

Оштогу «Достук» чек ара бекетинин жанындагы көчө иретке келтирилет.   Мэриянын маалыматына караганда, тиешелүү кызматтарга жол боюнда жайгашкан объектилердин сырткы көрүнүшүн жаңыртуу, муниципалдык базарды стандартка ылайык келтирүү, унаа жуучу жайларды, техникалык тейлөө станцияларын жана вулканизацияларды көчүрүү, тротуарларды мыйзамсыз объекттерден тазалоо тапшырмалары берилди.   Ушул жана… Кененирээк…