Бишкектен “Манас” аэропортуна карай жол мэриянын балансына өткөрүлдү

Бишкектен “Манас” аэропортуна карай жол мэриянын балансына өткөрүлдү. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Трассаны башкаруу укугу 2 жылга берилет.   Пилоттук долбоордун алкагында мэрия жолдун тейлөөсүнө, ремонтуна, өнүктүрүүгө жана эксплуатациялоого жооп берет. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо иштери башталды

Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Реконструкциядан кийин башкы гидроэлектростанциянын кубаттуулугу  60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 миң 440 мегаватт болот.   Ошондой эле 1-мартта Үч-Коргон ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияланат. Оңдоп-түзөө иштеринен кийин кубаттуулугу 9 мегаваттка көбөйөт.  … Кененирээк…