Араван, Баткен, Жайыл райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Араван, Баткен, Жайыл райондоруна жаңы акимдер дайындалды.   Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, Данир Иманалиев Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болсо, Данияр Эркимбаев Араван районуна аким болду, ал эми Имамназар Бурканов Жайыл районун жетектейт.  … Кененирээк…

«Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында 6-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Өчүрүү таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.… Кененирээк…

Кыргызстанда аралыктан иштөө расмий таанылат

Кыргызстанда аралыктан иштөө расмий таанылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштаган Эмгек кодексинин жаңы редакциясында айтылат. Ага ылайык, эми кызматкерлер өз милдеттерин аралыктан же заманбап санариптештирүү тенденцияларына жооп берген форматта аткара алышат.   Ошондой эле электрондук эмгек келишимдери жана эмгек китепчелери ишке… Кененирээк…

Кыргызстанда бир айда 571 жаңы турак жай пайдаланууга берилди

2025-жылдын январында республикада 571 жеке турак жай курулуп, пайдаланууга берилди, алардын жалпы аянты 76,3 миң чарчы метрди түздү. Бул өткөн жылдын январь айы менен дээрлик бирдей (2024-жылдын деңгээлинен 99,3%).   Жеке турак жайды курууга 2,1 миллиард сом жумшалды, бул былтыркы жылдагыдан 1,1 процентке кеп. Бирок… Кененирээк…

Италияда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

Италияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду.   Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришкендей, айкелдин  ачылыш аземи 27-февралда Рим шаарында өттү. Эстеликти кыргызстандык белгилүү скульптор Алексей Морозов жасаган.   Белгиленгендей, жазуучунун китептери азыр да Италияда басып чыгарылып турат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кытайлык компания Кара-Суу районунда таштанды өрттөгөн завод курат

Кытайлык компания Ош облусунун Кара-Суу районунда таштанды өрттөгөн завод курат.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, тараптар долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.   Ишкананын курулушу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө гана маанилүү кадам болбостон, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө салым кошот деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Таштанды жана эски дөңгөлөктөрдү жаккандарга катуу чаралар көрүлөт

Катуу таштандыларды жана эски дөңгөлөктөрдү жаккандарга катуу чаралар көрүлөт.   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эгер ушундай фактылар катталса, мекемеге кайрылууну өтүнөт. Мындай аракеттер ыш менен күрөшүү, экологияны сактоо максатын көздөйт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө

Быйыл өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Ишканалар министрликтин ар тараптуу колдоосу менен экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында ачылат. Аны каржылоо үчүн республикалык бюджеттен жана… Кененирээк…

Балыкчы-Кочкор унаа жолу маал-маалы менен жабылат

Балыкчы-Кочкор унаа жолу маал-маалы менен жабылат.   «Кыргыз темир жолу» ишканасы эскерткендей, мунун себеби темир жол куруу долбоорунун алкагындагы жардыруу иштерине байланыштуу. Ага ылайык, 5-марттан 5-майга чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аталган унаа жолу эртең мененки саат 8ден кечки 5 жарымга чейин жабык болот. Айдоочулар… Кененирээк…

Ордо калааны өнүктүрүү боюнча идеяларды берүүнүн мөөнөтү узарды

Бишкек мэриясы ордо калааны өнүктүрүү боюнча идеяларды берүүнүн мөөнөтүн 5-мартка чейин узартты. Муниципалитет эскерткендей, сунуштарды жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле архитектура же дизайн тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген чыгармачыл цехтер бере алат.   Заманбап өнүгүү ыкмаларын эске алуу менен коомдун маданий-тарыхый мурасын, салттуу… Кененирээк…