“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына 1-майдан тарта электромобилдерден башка унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына 1-майдан тарта электромобилдерден башка унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.   Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.   Анын айтымында, Иш башкармалык тарабынан сатылып алынган 84 электрокар Бишкекке келди.  Паркта учурда Ал жакта азыр инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат.… Кененирээк…

Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун имаратынын курулушуна капсула салынды

Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун имаратынын курулушуна капсула салынды. Заманбап медициналык комплекстин жалпы аянты 34 миң 500 чарчы метрди түзүп, 5 блоктон турат.   Муну менен катар борбордо 11 бөлүм иштейт, алардын ар биринде 40 орун бар. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стелланын ачылышы болду

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стелланын ачылышы болду. Ага мамлекет башчылары Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев видеоконференция аркылуу Худжант шаарынан старт беришти.   Стела үч элдин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 222 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы энергетика, ирригация системасы, климаттык долбоорлорго жана муниципалдык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун камсыздоо боюнча сегиз долбоор үчүн 222 миллион доллар бөлөт.   Анын 147 миллион доллары насыя, 75 миллион доллары грант.   Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улукбек Календеров билдирди. Анын айтымында, банк… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу эртең башталат

Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу эртең башталат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Легалдаштыруу 1-апрелде башталып, 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат.   Мыйзамдаштыруу үчүн лаборатордук күбөлүк, арыз, транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлбаган, үчүнчү жактар талашпаган, камакка алынбаган жана… Кененирээк…

Чакан ишкерлер кааласа патент, болбосо ККМ менен иштей алат

Чакан ишкерлер кааласа патент, болбосо ККМ менен иштей алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, учурда чакан ишкерлерге патент системасын кайтаруу боюнча президенттин буйругу даярдалууда.   Ага ылайык, патенттин баасы товар жүгүртүүсүнө жараша коюлат.   Тагыраагы, көп соода кылгандар үчүн… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ушул жумада аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ушул жумада аяктайт.  Билим берүү мнистрлигинен эскертишкендей, ал 4-апрелге чейин созулат. Сынактын өзү 15-майдан 21-майга чейин өтөт.   Мектепти быйыл аяктап жаткандар окуган жеринен катталат, ал эми буга чейинки жылдардын бүтүрүүчүлөрү — жашаган жери боюнча билим берүү башкармалыктарында. ЖРТга даярдануу үчүн… Кененирээк…

Бишкекке Кытайдан эки электробус келе жатат

Бишкекке Кытайдан эки электробус келе жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда транспорт Торугарт ашуусунда.   Бардык процедурадан өткөндөн кийин алар ордо калаага жеткирилет.   Аталган электробустар айдоочуларды окутууга, даярдыктан өткөрүүгө жана жаңы транспорттун мүмкүнчүлүктөрүн тартуулоого керектелет. Муниципалитеттен эскертишкендей, Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында эки… Кененирээк…

“Түндүк” тиркемесине аттестат, аскердик билет, дипломдор жана башка документтер кошулат

“Түндүк” тиркемесине аттестат, аскердик билет, дипломдор жана башка документтер кошулат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.   Анын айтымында, тиркемени дизайн, архитектурасынан бери өзгөртүп, көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда. Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн.   Ошондой эле министр жаңыланган… Кененирээк…

Кичи кредиттик компаниялар тарабынан өткөн жылы 65 миллиард сом берилди

Кичи кредиттик компаниялар тарабынан өткөн жылы 65 миллиард сом берилди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан насыяны бир миллиондон ашык адам алды.   2023-жылга салыштырмалуу, былтыр чакан кредит алган калктын саны 1,5 эсе өскөн. Алардын басымдуусу Бишкекке, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарына туура келет. Каражаттын көбү… Кененирээк…