Бишкек ЖЭБи кадимки тартипте иштеп жатат

Бишкек ЖЭБи кадимки тартипте иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, сактоочу жайда 132 миң тонна көмүр бар. Бул көлөм жарандарды жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жетиштүү.   Кара отун жылуулук сезондун аягына чейин графикке ылайык жеткирилет.

Республиканын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,    5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу аталган трассанын  45-50- жана 74-90-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүлөрү пайда болот. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.   Айдоочуларга эрежелерди… Кененирээк…

Токтогулда суу азаюуда

Токтогулда суу азаюуда. “Электр станциялар” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата башкы резервуарда суунун көлөмү 8 миллиард  670 миллион куб метрди түздү.   Суунун агып келиши секундасына 170 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 517 куб метрди түзүүдө. Энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.  … Кененирээк…

Ошто таштандыны кайра иштетүү боюнча эко-технологиялык завод курулат

Ошто таштандыны кайра иштетүү боюнча эко-технологиялык завод курулат. Бул электр энергиясын өндүрүүгө шарт түзөт. Түштүк калаа мэри Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, Кытайга болгон жумушчу сапардын алкагында объекттин курулушу боюнча макулдашуу жетишилген.   Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Курулуш жакынкы айларда башталат. Долбоордун сметалык наркы 90… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи пайда болду

Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи пайда болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кооператив Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында “уюштурулду.   Анын карамагында 200 гектар жер аянты жана айыл чарба техникалары бар. Кооперативдин негизги максаты —… Кененирээк…

Тоңдо күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 3-март күнү саат 12:05те Ысык-Көл облусунун Тоң районунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Аймактагы Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болуп сезилген. Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Январь айында өлкөнүн түштүк тарабында,… Кененирээк…

Эң мыкты тасма номинациясында “Оскар” сыйлыгын Шон Бэйкердин “Анора” тасмасы алды

Эң мыкты тасма номинациясында “Оскар” сыйлыгын Шон Бэйкердин “Анора” тасмасы алды. Башкы сыйлыкка ошондой эле “Бруталист”, “Боб Дилан: Эчкимке тааныш эмес”, “Конклав”, “Дюна. Экинчи бөлүк” жана башка тасмалар талапкер болгон.   Жалпысынан “Анора” 5 “оскарга” татыды: мыкты тасма, мыкты режиссура, оригиналдуу сценарий, мыкты аялдар ролу… Кененирээк…

Балыкчы — Кочкор унаа жолунда кыймылга кайрадан убактылуу чектөөлөр киргизилет

Балыкчы — Кочкор унаа жолунда кыймылга кайрадан убактылуу чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 5-марттан 5-майга чейин трассанын 37-40-чакырымдарында темир жол куруунун алкагында бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт.   Андан улам, дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки 5 жарымга… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетиканы иштеп чыгуу көлөмү азайтылды

Кыргызстанда энергетиканы иштеп чыгуу көлөмү азайтылды. Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, бул Токтогул ГЭСинин үчүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштерине байланыштуу.   Учурда объектте төрт гидроагрегаттын үчөө иштеп жаткандыктан, электр энергиясын генерациялоо төмөндөтүлдү. Буга байланыштуу энергетиктер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Нарын шаарында заманбап коомдук мончо куруу пландалууда

Нарын шаарында заманбап коомдук мончо куруу пландалууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 200 орундуу мончо шаардын Көтөрмө аймагындагы 800 чарчы метр жерге түшөт.   Курулушту “Нарын курулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп, объект республикалык казынадан каржыланат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.