Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-апрелге чейин созулат
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-апрелге чейин созулат. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, сынактын өзү 14-майдан 21-майга чейин өтөт. Быйылкы бүтүрүүчүлөр окуган жеринен, ал эми буга чейин мектепти аяктагандар жашаган жери боюнча билим берүү башкармалыгынан каттоодон өтөт. Бүтүрүүчүлөр тестирлөөгө www.testing.kg сайтындагы көндүмдөр аркылуу даярданса болот.









