Кыргызстан мектептеринде 12 жылдык билим берүүнү этап менен киргизүү улантылат

Кыргызстан мектептеринде 12 жылдык билим берүүнү этап менен киргизүү улантылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлер жана сунуштар эске алынат.   Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаштан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын… Кененирээк…

Кыргызстандын 960 айылынын тургундары таза сууга муктаж

Кыргызстандын 960 айылынын тургундары таза сууга муктаж. Бул тууралуу 24 агенттигине Суу менен камсыздоону жакшыртуу мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда 258 айылда таза суу системасын куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Ал эми калган 960 калк жашаган түйүндө суу чыгарууга   1 миллиард доллар талап… Кененирээк…

Бишкекте мыйзам бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте мыйзам бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Ички иштер министрлиги билдиргендей, жума жана ишемби күндөрү кайгуул милициянын 50 бригадасы жол эрежесин бузгандарды аныктап, протоколдор түзүлүп, унаалар айып токтотмого жеткирилүүдө.   Өзгөчө көңүл мас абалында унаа башкарууга, жол бейбаштыгына, мыйзамсыз тонировкалоого жана машинени каршы тарапка… Кененирээк…

Кыргызстанга өткөн жылы 16 миң 500дөн ашык жүк ташуучу унаа жеткирилди

Кыргызстанга өткөн жылы 16 миң 500дөн ашык жүк ташуучу унаа жеткирилди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, машиналардын жалпы суммасы 149 миллион сомду түзөт. 2023-жылга салыштырмалуу импорт 21 пайызга өстү.   Жүк ташуучу унаалар негизинен Түштүк Корея, Кытай, Литва, Германия жана Польшадан жеткирилет.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстанда кайрадан калкты тейлөө борборуна барбастан булут электрондук кол тамгасын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү толук кандуу жеткиликтүү болду

Кыргызстанда кайрадан калкты тейлөө борборуна барбастан булут электрондук кол тамгасын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү толук кандуу жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, буга чейин электрондук кол тамганы алуу үчүн жаран өзү келип, кезекте туруп, документтерин тапшырышы керек болчу. 2023-жылы онлайн каттоо… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун ооруканаларында өрт коопсуздугу текшерилүүдө

Жалал-Абад облусунун ооруканаларында өрт коопсуздугу текшерилүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакта рейдди 28-мартка чейин жүргүзөт. Адистер Кан борборун жана Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк аймактык илимий борборун текшеришти.   Жетекчилерге 30 күндүн ичинде бузууларды жоюу тапшырмасы берилди. Талаптар өз учурунда аткарылбаса айып салынат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Баткендин Достук айылынан тургундарды көчүрүү боюнча 3 сунуш каралууда

Баткендин Достук айылынан тургундарды көчүрүү боюнча 3 сунуш каралууда. Айыл жашоочулары менен Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жолукту.   Айылдыктарга же толугу менен акчалай кенемте төлөнүп, алар каалаган аймактан үй алып чыгып кете алышат, же Баткен шаарынын четине айыл курулат, же… Кененирээк…

Ноокат районуна жаңы аким дайындалды

Президент кол койгон тескемеге ылайык, Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды.   42 жаштагы Чакибаев 2013-2019-жылдары Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы, 2019-2021-жылдары Аламүдүн районунун акиминин орун басары болуп иштеген. 2021-жылы Аламүдүн бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Министрлер кабинетинин… Кененирээк…

Быйыл Кадыр түн 27-мартка караган түнү болот

Быйыл Кадыр түн 27-мартка караган түнү болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.   Орозо 1-мартта башталган, Кадыр түн орозонун 27-күнүнө караган түнү белгиленет.   Мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Эртең Бишкектин эки конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат

Эртең Бишкектин “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу берүү токтотулат. Мэриядан билдиришкендей, өчүрүү эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин күчүндө болот.   Мунун себеби таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу. Калк, мекеме-уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы керек.   Ушул жана… Кененирээк…