Ноокат районуна караштуу Борбаш айылында жаңы мектептин курулушу уланууда

Ноокат районуна караштуу Борбаш айылында жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имарат 375 окуучуга чакталат.   Долбоордун тендердик баасы 172 миллион сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектепте окуу класстардан тышкары китепкана жана окуу залы, компьютердик класс, лаборатория, медициналык… Кененирээк…

Бишкекте 7-8-9-март күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 7-8-9-март күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулууда.   Ведомстводон маалымдашкандай, жарманке эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин  Түгөлбай-Ата көчөсүндө, Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде өтөт.

Улуу Британияда эркек 10 дүкөндү тоноп, 6 миң долларга шоколад уурдады

Улуу Британияда эркек 10 дүкөндү тоноп, 6 миң долларга шоколад уурдады. Ал кылмышын ар кайсы райондордо жасап, бир дүкөнгө экинчи ирет кирген эмес. Таттуу сүйүүчүсү жыйынтыгында полициянын колуна түштү.   Ал күнөөсүн мойнуна алып,  10 жумага камакка алынды. Бирок ал мындай көлөмдөгү шоколадды эмне кылганын … Кененирээк…

Ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык,  10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош,  Суусамыр — Талас — Тараз, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолдорунда кар… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр айыпка тартылууда

Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр айыпка тартылууда.   Мэрия рейддик иш-чаралар жүрүп жатканын эскертет. Анын алкагында жол кире төлөбөй койгон жүргүнчүлөр мыйзам негизинде айыпка жыгылат. Айыптын өлчөмү 1 миң сомду түзөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жаңы насостук станциянын курулушу уланууда

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жаңы насостук станциянын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын корпусу тургузулуп, жер казуу иштери жүрүп жатат.   Долбоордун алкагында Осмонкул көчөсү боюнча узундугу 120 метр өтмө канал курулат. Андан тышкары, долбоордун алкагында трансформатордук көмөк чордондун курулушу жана жээктерди… Кененирээк…

Каттоого алынбаган товарларды 1-апрелге чейин легалдаштыруу керек

Каттоого алынбаган товарларды 1-апрелге чейин легалдаштыруу керек. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, “Электрондук эсеп-фактура” системасына маалымат киргизүүдө салык төлөөчүлөр жоопкерчиликтен жана айыптан бошотулат.   Бирок мындай жеңилдиктер спирт ичимдиктери, тамеки продукциясы, дары-дармек, зер бюумдар, мунай продуктылары жана сот же салык органдарынын чечими бар товарларга тиешелүү эмес.… Кененирээк…

Достук айылынын тургундарын Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерине көчүрүү чечими кабыл алынды

Достук айылынын тургундарын Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерине көчүрүү чечими кабыл алынды. Президенттин аймактагы өкүлү Айбек Шаменов үйлөрдү куруу жакынкы күндөрү башталып, 3-4 ай ичинде элди көчүрүп чыгуу пландалып жатканын билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим Достук айылынын эли менен жолугушкандан кийин жетишилген.… Кененирээк…

Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланды

5-мартта судьялардын XIII курултайында Соттор кеңешинин 15 мүчөдөн турган жаңы курамы үч жылдык мөөнөткө шайланды. Судьялар кеңешине Жогорку соттун судьялары Турсунгүл Чаргынова, Аида Сейдакматова, Конституциялык соттун судьясы Лунара Жолдошева, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Таалайбек Абыкеев, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Надырбек Токтосунов, Биринчи май райондук… Кененирээк…

Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык… Кененирээк…