Ош шаарында үч кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Ош шаарында үч кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, эски гараждар бузулгандан кийин Исанов көчөсүндөгү 2,8 гектар жерге 156 орундуу унаа токтотуучу жай куруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор иштелип чыкты. Маалым болгондой, долбоор Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган. Ушул… Кененирээк…

Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары башталды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары башталды. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.   Президенттик администрациядан маалым болгондой эртең, 13-мартта өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат.   Кыргыз-тажик чек арасы боюнча… Кененирээк…

Жалал-Абадда соода-логистикалык комплекс курулат

Жалал-Абадда Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында соода-логистикалык комплекс курулат. бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Белгиленгендей, Жалал-Абад шаарында заманбап соода-логистикалык комплексти түзүү шаардын жана облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, логистикалык процесстерди жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө маанилүү салым болот. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Катардын командасын кабыл алат

Кыргызстандын улуттук курама командасы 25-мартта Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Футбол союзунан билдиришкендей, оюн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 6да башталат.   Беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Бишкекте Нооруз майрамына карата даярдыктар талкууланды

Бишкекте Нооруз майрамына карата даярдыктар талкууланды. Мэриядан билдиришкендей, ордо калаанын ички иштер башкы башкармалыгына коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.   Муниципалдык инспекцияга башаламан сооданы алдын алуу милдеттендирилди. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна коомдук тамактануу жайларында нормалардын сакталышын көзөмөлдөө жүктөлдү.   “Тазалык”… Кененирээк…

Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Туризм департаментинин жамаатына жаңы директор Эрденет Касымовду тааныштырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Эрденет Касымов 1993-жылы 21-октябрда туулган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча бакалаврды аяктаган.   Ал буга чейин… Кененирээк…

Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин бүгүнкү оюндары токтотулду

Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин бүгүнкү оюндары токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.   Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште улакчы Мирлан Сражидинов каза болду.   Алдыда федерациянын башкармалыгынын мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулуп,… Кененирээк…

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирди. «Ал абдан жоопкерчиликтүү жана таланттуу жигит. Ал эми саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга келсек, учурда план даярдап жатабыз», — деди Чечейбаев.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Кыргызстанга унаа кузовун алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга унаа кузовун алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.   Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, автотранспорт каражаттарын сатып алуу процессинин айкындуулугуна жана ак ниет транспорт ээлеринин укуктарын коргоого багытталган.   Белгилеп кетсек, чектөө алты ай күчүндө болот.   Кыргызстанга… Кененирээк…

Кыргызстандагы 960 айылда таза суу жок

Кыргызстандагы 960 айылда таза суу жок.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдиргендей, ал айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн 1 млрд доллар керек. Маалыматка ылайык, каражаттын 800 млн доллары таза сууга, 200 млн доллары саркынды суу үчүн… Кененирээк…