Кыргызстанга сырттан акча которуулардын жалпы көлөмү 215 млн доллардан ашты

Ушул жылдын январь айында Кыргызстанга сырттан акча которуулардын жалпы көлөмү 215 млн доллардан ашты.   Улуттук банктан билдиришкендей, каражат негизинен КМШ өлкөлөрүнөн келген.   Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн которулган каражат 11,5 млн долларды түздү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Электрондук санарип кол тамга эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү

Электрондук санарип кол тамга эми «Түндүк» тиркемесинде онлайн жеткиликтүү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Электрондук кол тамга – бул кагазга коюлган кол тамганын санариптик аналогу. Ал өзүнө анын ээси жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды сактаган символдорду камтыйт.   Аталган кол тамга… Кененирээк…

Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт

Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.   Анын ичинен эң көбү Россиянын аймагында жашайт. Аталган өлкөнүн расмий маалыматына караганда, миграциялык каттоодо турган кыргыз жарандарынын саны былтыр 380 миңдей адамды түзгөн.… Кененирээк…

Бишкекте башаламан таштандыга каршы рейд жүрүүдө

Бишкекте башаламан таштандыга каршы рейд жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, учурда 100дөн ашык адам белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап жаткандыгы аныкталды.   Ошондой эле жеке сектордун тургундары үй-тиричилик таштандыларды чыгаруу графигин сактабастан, ордо калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда.   Эске салсак, талапка баш ийбегендер жоопко тартылат.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлду

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол койду. Иш-чара Бишкектеги “Ынтымак ордо” президенттик администрациянын имаратында өттү.   Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү келишимди “тарыхый” деп баалашты.   Ошондой эле айыл чарба, экономика жана маданий гуманитардык багытта… Кененирээк…

Душанбе-Бишкек-Душанбе аба каттамы жанданат

Эртеңден тарта Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча аба каттамдары жанданат. Бул тууралуу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.   Аба каттамдарын ачуу чечими өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болору белгиленди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Россиянын кара тизмесинде Кыргызстандын 73 миңден ашык жараны бар

Россиянын кара тизмесинде Кыргызстандын 73 миң 492 жараны бар. Соңку маалымат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу бөлүштү.   Анын айтымында, алар аталган өлкөнүн аймагына киргенден кийин административдик укук бузгандар.   Белгиленгендей, Кыргызстандыктар кара тизмеде бар же жогун 1899… Кененирээк…

Парламент мамлекеттик кызматка сынаксыз кабыл алуу демилгесин колдоду

Кыргызстанда президенттик «Акылман» лицейин аяктап, «Эл үмүтү» стипендиясы менен чет өлкөлөрдөн окуп келгендер жогорку окуу жайларына жана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кирүүгө укуктуу болот. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.   Эске салсак, документти президент Садыр Жапаров демилгелеген.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Жер салыгы боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды

Кыргызстанда жер салыгы боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу Novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Аталган мөөнөткө чейин сугат маселеси чечилип, андан кийин салык чогултуу кайра уланат. Жер салыгын жоюу айыл чарба секторунун өнүгүүсүнө салым кошот деп күтүлүүдө.  … Кененирээк…

Блогерлер кайсы салыктык режимди тандашы керектиги белгилүү болду

Кыргызстанда блогерлер да салык төлөшү керек. Бул боюнча Novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков төмөнкүлөрдү айтып берди:   “Блогерлер боюнча айтып кетсек, көбү мүмкүн көмүскөдө салык төлөбөй жүрүшкөн. Азыркы учурда 1 пайыз деп көрсөтүлгөн. Эң төмөндөтүлгөн шарттар түзүлгөн. Ошондуктан, блогерлер төмөндөтүлгөн ставка… Кененирээк…