Бишкекте жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт

Бишкекте жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду.   Мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында аба ырайын жана сырттагы абанын температурасын эске алуу менен кабыл алынды.   Эске салсак, ордо калаада жылуулук берүү былтыр 22-октябрдан тарта… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара келишими Жогорку Кеңеште 19-мартта каралат

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тарап кол койгон келишим ратификациядан өтүү үчүн Жогорку Кеңеште 19-мартта каралат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Эске салсак, 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койду.… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

18-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, суу эртең мененки саат 10дон кечки 7ге чейин Ч.Айтматов проспектиси, Токтонолиев көчөсү жана Т.Океев көчөсүндөгү турак жайларда, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык объекттерде жок болот.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк жана… Кененирээк…

Душанбе–Бишкек каттамындагы учак «Манас» аэропортуна конду

Душанбе–Бишкек каттамындагы жүргүнчү ташыган учак «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы аба майданынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандантуу тууралуу 13-мартта кол койгон келишиминин негизинде жүргүзүлдү.   Ал эми туруктуу аба каттамдар 23-марттан… Кененирээк…

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча токтом бекиди

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча токтом бекиди. Документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Токтомго ылайык, 1-6-класстар — башталгыч жалпы, 7-9-класстар — негизги жалпы, ал эми 10-12-класстар — орто жалпы деп бөлүнөт.   Документ расмий жарыялангандан баштап 10 күндөн кийин… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан менен беттешке даярдык көрүүдө.   Оюн 20-мартта Ташкентте болот.   Беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтөт. Аны Япониядан келген калыстар башкарат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу сунушталды

Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу сунушталды.   Демилгени Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Аксу округунун губернатору Адили Али Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугушууда билдирди.   Жолугушууда “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 4 млрд сомдон ашык айып пул түштү

Бишкек шаары жана Чүй облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилген 2019-жылдан бери бюджетке 4 млрд сомдон ашык айып пул түштү.   Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламентте билдиргендей, жол эрежесин бузгандарга 6 млн 600 миңден ашык электрондук токтом чыгарылып, анын ичинен 5 млн… Кененирээк…

Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду

Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Ага ылайык, парламент депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт.   Ал эми унааны пайдалануу тартиби парламенттин ички жобосу менен жөнгө салынат. Мурдагы тартипке ылайык, I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана Кыргызстан… Кененирээк…

Ноокен районунун Садырбаев айылында жаңы мектеп курулууда

Ноокен районунун Садырбаев айылында жаңы мектеп курулууда. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имарат 275 окуучуга чакталып, курулушка мамлекеттик бюджеттен 94 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.   Учурда имараттын чатыры жабылып, айнек-терезелери коюлуп жатат. Ага катар ички жана тышкы курулуш жумуштары уланууда.