Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Объект эки кабаттуу, анда негизги окуу класстарынан тышкары, лабораториялар, спорт зал жана медициналык кабинет каралган.   Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, жалпы сметалык баасы 114 миллион сомду түздү.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 42 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар, ал эми сел коркунучу бар кооптуу аймакта 2 үй-бүлө жашайт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 42 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар, ал эми сел коркунучу бар кооптуу аймакта 2 үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаз мезгилинин келиши жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел, суу ташкындары, ошондой эле жер көчкүсү активдешүүсү… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 300 трансформатор оңдолот

Бишкекте быйыл 300 трансформатор оңдолот. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, ошондой эле 21 жабдуу жаңыртылып, 4 жаңы трансформатор орнотулат.   Бул абоненттерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган иштер.

Алай районунун Кызыл-Ой айылында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды

Алай районунун Кызыл-Ой айылында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер массасы учурда 14-15 үйгө коркунуч жаратууда. 41 адам коопсуз жайга эвакуацияланды.   Жеринде министрликтин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иштеп жатат. Алар абалды баалап, кошумча коргоо чараларып көрүүдө.

Кыргызстан мектептери жаңы окуу жылынан тарта 12 жылдык окутууга өтөт

Кыргызстан мектептери жаңы окуу жылынан тарта 12 жылдык окутууга өтөт. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Ага ылайык, 1-6-класстар башталгыч, 7-9-класстар негизги, ал эми 10-12-класстар орто болуп эсептелет. Негизги өзгөрүүгө ошондой эле окуучулардын билимин баалоо системасы кирет.   Баа 4-класстан тарта гана коюлат. 12-классты аяктаган… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 20-мартта таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 20-мартта таза суу жок болот. Мэрия маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин суу Фрунзе, Панфилов, Матросов, Горький, Бектенов, Мавлянов, 7-апрель көчөлөрүндө өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек-Ош жолунда эреже бузган айдоочуларга камералардын жардамы менен протоколдор түзүлүүдө

Бишкек-Ош жолунда эреже бузган айдоочуларга камералардын жардамы менен протоколдор түзүлүүдө.   Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, көпчүлүк оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Төө ашуудагы туннелден бири-биринен ашып өтүү же каршы тилкелерге чыгуу менен эреже бузуу фактылары камералар аркылуу катталып жатат.   Алар боюнча… Кененирээк…

Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Объект эки кабаттуу болуп, курулушка республикалык бюджеттен 233 миллион сом бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, Кызыл-Кырман айылындагы мектептин азыркы имараты 1977-жылы курулуп, учурда эскилиги жеткен.

Жаңы окуу жылында балдарды биринчи класска кабыл алууда кабыл алуу экзамендери болбойт

Жаңы окуу жылында балдарды биринчи класска кабыл алууда кабыл алуу экзамендери болбойт. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, ата-энелердин жашаган жери боюнча балдар автоматтык түрдө ошол районго тиешелүү мектепке жазылат. Ата-эне баласынын ошол билим берүү мекемесинде окуй турганын тастыкташы гана… Кененирээк…

Ысык-Көлдө гидроциклди пайдалануу эрежелери бекитилди

Ысык-Көлдө гидроциклди пайдалануу эрежелери бекитилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Анда Ысык-Көлдө гидроцикл пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салуу, пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизүү каралган.   Мыйзамды бузгандарга 15 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 20 миң сом айып салынат.   Көлдүн аймагында экологиялык эрежелерди сактоо… Кененирээк…