Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы эски аянт унаа кыймылына жабылат

Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы эски аянт унаа кыймылына жабылат. Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу.   Абдымомунов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкеси тосулат. Чектөөлөр бүгүн кечки саат 10дон тарта 23-март, түнкү 12ге чейин киргизилет. Жарандарга убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен… Кененирээк…

Жалал-Абадда соода-логистикалык комплекс курулат

Жалал-Абадда соода-логистикалык комплекс курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришти. Объект мурдагы ипподромдун аймагында жайгашат.   Инвестициянын көлөмү 57 миллион долларды түзөт.  Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана соода, логистика үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна 13,6 миллион доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна 13,6 миллион доллар бөлөт.   Президент Садыр Жапаров каржылоо жөнүндө макулдашууну жана ратификациялоо мыйзамына кол койду.   Ага ылайык, сумманын 11 миллион доллары кредит болсо, калганы гранттык каражат.  Насыяны кайтаруу мөөнөтү — 50 жыл, 10 жылы жеңилдетилген мезгил.… Кененирээк…

Япония Фудзияма тоосундагы туристтердин өтө көп болушуна каршы күрөш баштады

Япония Фудзияма тоосундагы туристтердин өтө көп болушуна каршы күрөш баштады. Андан улам, июлдан сентябрга чейин ар бир туристтен 27 доллардан кошумча төлөм алынат.   Буга чейин агым менен күрөшүү максатында чет элдиктерге алгачкы төлөм жана онлайн брондоо кызматы киргизилген. Бирок туристтердин саны көп болгондуктан, жергиликтүү… Кененирээк…

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында эл аралык почта алмашуу пункту ачылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында эл аралык почта алмашуу пункту ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Торугарт көзөмөл-өткөрүү жайында Кытай менен эл аралык почта алмашуу пунктун ачууга даярдык аяктап жатат.   Ачылышы апрель айына, ал эми тутумду тестирлөө ушул айга пландалууда.… Кененирээк…

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети депутаттарды шайлоо боюнча жаңы долбоорду жактырды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети депутаттарды шайлоо боюнча жаңы долбоорду жактырды.   Документке ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн… Кененирээк…

Дүйнөдөгү башкы гастрономиялык шаарлар аталды

Дүйнөдөгү башкы гастрономиялык шаарлар аталды. Рейтингдин сап башында Луизиана штатындагы Жаңы-Орлеан калаасы турат, шаар бай кулинардык тарыхка ээ болуп, өзүнө француз, испан, вьетнам жана башка бир катар ашканаларды бириктирет.   Экинчи орунда Бангкок жайгашат, үчилтикти колумбиялык Медельин бекитет. Тизмеде ошондой эле Кейптаун, Мадрид, Мехико, Лагос,… Кененирээк…

“Ала-Арча” мамлекеттик паркынын аймагына унаа менен кирүүгө тыюу салынат

“Ала-Арча” мамлекеттик паркынын аймагына унаа менен кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Учурда парктын кире беришине чоң  унаа токтотуучу жай курулууда, ал 5 миң машинага чакталат.   Ал эми эс алуу аймагында жарандарды электрунаалар ташыйт. Бул максатта башкармалык 14 электрунаа сатып алат.… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы бейтапкана курулууда

Жалал-Абадда жаңы бейтапкана курулууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объект заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, жергиликтүү тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзүлөт.   Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган, тендердик баасы — 156 миллион сом.

Өлкө аймагында 500 чакырымдан ашык чарба каналдары тазаланат

Өлкө аймагында 500 чакырымдан ашык чарба каналдары тазаланат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, иштер сугат сезонуна даярдыктын алкагында жүргүзүлөт.   Андан тышкары, гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды жана агрегаттарды оңдоо жумуштарды аткарылат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында негизги иштер 10-апрелге чейин, ал эми Чүй, Таласта 1-майга чейин, Ысык-Көл,… Кененирээк…