Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү завод ачылды

Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү завод ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.   9 миллиондон ашык  доллар өлчөмүндөгү каражатка ишке ашырылган бул инвестициялык долбоордун алкагында Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзүлөт. Жылына 50 миллион даана кирпич жана 600… Кененирээк…

Бишкекте алгачкы ротордук парковка тесттик режимде ишке кирди

Бишкекте алгачкы ротордук парковка тесттик режимде ишке кирди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, объект Безымянная көчөсүндө жайгашкан. Конструкция 10 унаага чакталган.   Кечээ ал сыноодон ийгиликтүү өттү. Жакында ал толук кандуу ишке кирет.

Бишкекте “Алга” спорт комплексинин курулушу уланууда

Бишкекте “Алга” спорт комплексинин курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, объект футбол талаасынан, эки машыгуу аянтчасынан, трибунадан жана башка инфраструктурадан турат.   Ордо калаа мэри Айбек Жунушалиев спорт комплекстин айланасын көрктөндүрүп, бак-дарактарды тигүү тапшырмасын берди.

Баткен районундагы Тажикстан менен алмашылган Достук айылынын тургундары үчүн 71 үйдүн курулушу үч айда аяктайт

Баткен районундагы Тажикстан менен алмашылган Достук айылынын тургундары үчүн 71 үйдүн курулушу үч айда аяктайт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, калган үйлөр боюнча чечим кабыл алына элек.   Баткен облусу боюнча жалпысынан 253 үй жайгашкан… Кененирээк…

Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт

Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт.   Маммлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен билдиришкендей, күйүүчү май учурда модернизацияланып жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводунан чыгарылат. Бул жерде 21 миң тонна нефть продуктулары сактала турган цистерналар үчүн орундар даярдалган.… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет.   Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо… Кененирээк…

Алдыда кыргызстандыктарды үч күндүк эс алуу күтүп турат

Алдыда кыргызстандыктарды үч күндүк эс алуу күтүп турат. Эртең өлкөдө Нооруз майрамы белгиленет, ал эми бүгүн иш күнү бир саатка кыска болот.   Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Кийинки узак эс алуу майда күтүлөт — 1-майдан 11-майга чейин.

Бишкекте жакында 612 ипотекалык батир колдонууга берилет

Бишкекте жакында 612 ипотекалык батир колдонууга берилет. Президент администрациясынан билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү турак-жай комплексинин курулушу аяктап калды.   Жакында ээлерине тапшырылат. Белгилеп кетсек, учурда өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 737 көп кабаттуу үй курулууда. Аларда 61 миң 827 батир бар.

Жеке жактар унаа импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду

Жеке жактар унаа импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул калкты колдоо жана жарандардын каржылык абалын жакшыртуу максатында жасалууда.   Эми жеке жактар бир жылдан бери ээлик кылган машина үчүн  2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттары санарип сом жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңеш депутаттары санарип сом жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Күтүлгөндөй, алгач долбоор чектелген операциялар менен тесттик режимде ишке кирет.   Эске салсак, санарип сом накталай жана накталай эмес акча каражаты менен катар валютанын… Кененирээк…