Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз негизде беш локомотив берди
Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз негизде беш локомотив берди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал белгилегендей, бул боюнча 2024-жылдын 3-4-декабрында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашуу жетишилген. Тепловоздор «Кыргыз темир жолу» ишканасына өткөрүлдү.




