Аксыда оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты ачылды
Аксы районуна караштуу Нарын айылында Р.Батырбеков атындагы оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, республикалык бюджеттин эсебинен 37,2 млн сом каржыланган.… Кененирээк…









