Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт
Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Сынак эки этапка бөлүнөт. Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү каралган — 17-май, 21-май жана 19-июнь. Алар үчүн уюштурулган ЖРТнын үчүнчү этабы 20, 21, 22-июнда өтөт.









