Кадамжайда 18 миллион сомго мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулду
Кадамжайда 18 миллион сомго мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл ч арба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Борбордун кубаттуулугу 500 тоннаны түзүп, продукцияны оптималдуу шартта сактоого жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.









