“Түндүк” электрондук кызматтар мамлекеттик порталында жарандардын ооруларынын тарыхы дагы жайгаштырылат

“Түндүк” электрондук кызматтар мамлекеттик порталында жарандардын ооруларынын тарыхы дагы жайгаштырылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.   Анын айтымында, демилге Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда. Долбоор алгач пилоттук режимде бейтапканалардын биринде ишке кирет. Ийгиликтүү болсо, өлкөнү толук камтыйт. Министр кошумчалагандай, оорулар… Кененирээк…

Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында музыкалык мектеп пайда болот

Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында музыкалык мектеп пайда болот. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик наркы 45 миллион сомду түзөт.   Долбоорго ылайык, 120 орунга ылайыкталган жаңы музыкалык мектеп эки кабаттан турат, заманбап окуу класстары менен жабдуу… Кененирээк…

Нарын — Баетов трассасынын курулушу уланууда

Нарын — Баетов трассасынын курулушу уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун 33-38-чакырымындагы 72 метрлик көпүрө курулуп жатат.   Ал эми Ак-Кыя тилкесинде суу өтүүчү канал курулууда. Белгилеп кетсек, Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган,… Кененирээк…

Азиялык өнүктүрүү банкы Нарын облусун суу менен камсыздоого 32 миллион доллардан ашык бөлөт

Азиялык өнүктүрүү банкы Нарын облусун суу менен камсыздоого 32 миллион доллардан ашык бөлөт. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда жактырды.   Ага ылайык, каражаттын 27 миллиону 32 жылдык насыя болсо, 5 миллион доллар кайтарымсыз негизде берилет. Белгилеп кетсек, бул “Нарын облусунда суу менен камсыздоо жана… Кененирээк…

“Аль-Насрдын” чабуулчусу Криштиану Роналду ушул жайда “Реалга” өтүшү мүмкүн

“Аль-Насрдын” чабуулчусу Криштиану Роналду ушул жайда “Реалга” өтүшү мүмкүн. 40 жаштагы футболчу 2025-жылкы клубдук дүйнө чемпионатына катышуу ниетинде.   Ал эми сауд арабиялык клуб ага катышпайт. Андыктан, Роналду “Реал” менен кыска мөөнөттүү келишим түзүүнү пландап жатат. Трансфердик терезени ФИФА 1-июндан 10уна чейин ачат. Эске салсак,… Кененирээк…

Кадамжай районунда өрүктүн эрте бышкан түрүнөн бакча пайда болду

Кадамжай районунда өрүктүн эрте бышкан түрүнөн бакча пайда болду. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, ал Кызыл-Кыштак айылында жайгашат. Сад этабы менен иштетилет, анда 160 метр тереңдиктеги скважина казылып, суу сактагыч курулуп, тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.   Бакча GPS-көзөмөл системасы менен курчалган.

Нарын облусунда “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Нарын облусунда “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 37 миңден ашуун шайман Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Тогуз-Торо жана Нарын райондорунда пайда болот.   Аларды орнотуу боюнча иштер жыл аягына чейин созулат. Белгилеп кетсек, аталган приборлор реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү серверге берет, чектен ашкан учурда электр энергиясын… Кененирээк…

Ысык-Көлдө темир жол курулат

Ысык-Көлдө    темир жол курулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.   Анын айтымында, түндүк жээкте темир жол Балыкчыдан Тамчы аркылуу Чолпон-Атага чейин барса, түштүк тарапта — Балыкчыдан Бөкөнбаев айылы аркылуу Караколго чейин жетет. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме даярданууда.  Долбоорду… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы “нөлдүк” отчетторду берүүнүн кереги жок экенин эскертет

Мамлекеттик салык кызматы “нөлдүк” отчетторду берүүнүн кереги жок экенин эскертет. Өзгөртүүлөр ушул жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилге тиешелүү. Жаңы эрежелер салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүгө жана буга чейинки бузуулар үчүн жоопкерчиликти жоюуга багытталган.   Бирок бирдиктүү салык декларациясын бекитилген тартипте тапшыруу зарылчылыгы бар, — дешти ведомстводон.

Оштогу “Эдельвейс” турак жай комплексинде насостук станция оңдолуп бүттү

Ош шаарындагы “Эдельвейс” турак жай комплексинде насостук станция оңдолуп бүттү. Иш “Аракет” долбоорунун алкагында түштүк борбордун мэриясынын жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылды.   Маалым болгондой, жаңыланган насостук станциянын аркасында 1 миңден ашуун адам ичүүчү таза суу менен камсыз болот.   Ушул жана башка… Кененирээк…