Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама ФИФА рейтингинде төрт позицияга көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама ФИФА рейтингинде төрт позицияга көтөрүлдү. Команда 1 миң 205 упай менен 210 кураманын ичинен  103-орунда жайгашты.   3-апрелде жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы             57-орунга, Тажикстан 104-орунга илинди. Казакстан 113-орунга жазылып, дагы… Кененирээк…

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди. Учурда №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 33-100-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.   Ал үчүн жеринде 1 даана жүктөгүч жана 1 даана бульдозер иштеп жатат. Белгилеп кетсек, аба ырайынын… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Самаркандга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, «Борбор Азия — Европа биримдиги» саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан) иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан. Бүгүн Жапаровдун Европа биримдигинин жана Европа комиссиясынын президенти менен жолугары күтүлүүдө. Ошондой эле… Кененирээк…

Оштон Алмата шаарына жаңы аба каттам ачылат

Оштон Алмата шаарына жаңы аба каттам ачылат. “Кыргызстан аэропоттору” ишканасынан билдиришкендей, учактар 28-майдан тарта учат.   Каттамдар жумасына 4 жолу — шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Бишкекте курулуп жаткан эко-технологиялык завод ушул жылдын декабрында ишке кирет

Бишкекте курулуп жаткан эко-технологиялык завод ушул жылдын декабрында ишке кирет. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.   Учурга карата негизги корпус тургузулду. Эске салсак, завод катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу менен электр энергиясын иштеп чыгат. Объект айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында орун алат. Заводко… Кененирээк…

Бишкек — Худжант туруктуу аба каттамы 8-апрелде кое берилет

Бишкек — Худжант туруктуу аба каттамы 8-апрелде кое берилет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Учуулар жумасына бир ирет — шейшемби күндөрү аткарылат.   Келечекте рейстердин санын көбөйтүү пландалууда. Билеттин баасы бир тарапка 8 миң сомду түзөт.

Ордо калаадагы “Алга” спорткомплекси жакында колдонууга берилет

Ордо калаадагы “Алга” спорткомплекси жакында колдонууга берилет.   Мэриядан эскертишкендей, комплекс УЕФА талаптарына жооп берет. Башкы аренасы 3 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Чет өлкөдө келген спортчулар үчүн 142 орундуу мейманкана дагы курулуп жатат.   Анда спортчуларга керектүү нерселердин баары болот. Комплекстин ичинде кичи-футбол, баскетбол, волейбол, күрөш,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки көпүрө курулудууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки көпүрө курулудууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алардын бири Дмитриевка — Кара-Алма тилкесинде жайгашып, узундугу 18 метрди, кеңдиги 10 метрди түзөт.   Экинчи көпүрө Катыраңкы — Кара-Алма тилкесинде орун алып, узундугу 15 метрге жетет. Объектилер ушул жылдын июль айында колдонууга… Кененирээк…

Талас облусунда 25 подстанцияда оңдоо иштери жүрүүдө

Талас облусунда 25 подстанцияда оңдоо иштери жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, адистер трансформаторлорду жаңыртып, жабдууларды ремонттоп жатат.   Оңдоо иштери ноябрга чейин уланат. Жумуштар аймакта инфраструктураны бекемдөөгө жана электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталат.

Мамлекеттик банктар чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга бир жолку төлөм үчүн насыя берүүгө даяр

Мамлекеттик банктар чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга бир жолку төлөм үчүн насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу Транспорттук каражатты  жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, бул максатта унаа ээлери 100 миң сом бериши керек. Банктар тарабынан ушул сумманы насыяга берүү чечими административдик… Кененирээк…