Эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абад облусунда 34 объект колдонууга берилет
Эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абад облусунда 34 объект колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Алардын арасында 100 орундуу перинаталдык борбор, бейтапкана, мэриянын административдик имараты, бокс академиясы, №14 мектептин кошумча корпусу жана турак-жай комплекстери бар. Белгилеп кетсек, быйыл Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленет.









