Кыргызстанда парад 8-майда өтүп, Жеңиш күнү президент Москвада болот
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган парад 8-майда өтөт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык, аскердик парад «Ала-Тоо» аянтында болот. Ал эми 9-майда Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.



