Рыскулов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылды

Бишкектин Рыскулов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Жаш Гвардия бульварындагы жолду реабилитациялоонун алкагында жылуулук тармагын алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.   Жумуштар Рыскулов көчөсүнүн Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен бөлүгүндө 23-апрелге чейин уланат. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.   Ушул… Кененирээк…

Айтматов районунда 200 орундуу бала бакча ачылды

Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл аймагында жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берген мекеме 200 орунга ылайыкталган.   Бала бакчага Баткен районунун «Достук» чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы чек арадагы куралдуу кагылышууда баатырларча курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.… Кененирээк…

Таласта беш миңден ашык орунга ылайыкталган стадион курулат

Таласта беш миңден ашык орунга ылайыкталган стадион курулат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объектке капсула салынды.   Жаңы стадион шаардагы Асанбек Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине салынат. Аймакта футбол аренасынан тышкары жасалма чөптөн машыгуу оюн талаасы, воркаут, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери… Кененирээк…

Жылуулук менен ысык суунун баасын июндан тарта жогорулатуу пландалууда

Кыргызстанда жылуулук менен ысык суунун баасын июндан тарта жогорулатуу пландалууда. Энергетика министрлигинин сунушу коомдук талкууга чыкты.   Маалыматка ылайык, тариф калктын керектөөсү үчүн да көтөрүлөт.   Белгиленгендей, учурда жылуулук менен ысык суунун акысы өздүк наркынан төмөн, бул жабдуулардын эскирүүсүнө алып келет жана аларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Бишкек – Худжанд – Бишкек аба каттамы эртеңден тарта туруктуу иштей баштайт

Бишкек – Худжанд – Бишкек аба каттамы эртеңден тарта туруктуу иштей баштайт. Novosti.kgге “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришкендей, Тажикстандын аталган шаарына самолет жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү учат.   Каттамды мамлекеттик авиакомпания аткарат.   Эске салсак, Бишкек – Худжанд – Бишкек аба каттамы боюнча биринчи… Кененирээк…

Түндүк айланма жолун курууда жалпысынан 464 объект бузулду

Түндүк айланма жолун курууда жалпысынан 464 объект бузулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.   Анын маалыматына ылайык, бузулган жайлардын арасында мыйзамсыз курулгандары аныкталган. Алардын 69у капиталдык курулуш экени такталды.  … Кененирээк…

Хоккей боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугуна даярданууда

Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2025-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна даярдыктарды баштады. Машыгуу 20-апрелге чейин созулат.   Улуттук кураманын кеңейтилген тизмесине 25 оюнчу чакырылды. Быйыл кыргызстандыктар үчүнчү дивизиондо (“А” тайпасы) ойношот, беттештер Стамбулда 21-апрелден 27-апрелге чейин өтөт.   Кыргызстан курамасынын атаандаштары Босния жана Герцеговина, Түштүк… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районунда 20 жасалма суу сактагыч курулду

Баткен облусунун Кадамжай районунда 20 жасалма суу сактагыч курулду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бул багытта дагы бир нече иш жүрүп жатат.   Белгиленгендей, облустун аймагын аралап өткөн алты дарыя бар, бирок кургакчыл аймактарга суу жеткирүү көйгөй бойдон калууда.   Ош – Баткен – Раззаков автожолунун… Кененирээк…

Кыргызстанда 66 миңден ашык бала мектепке катталды

Кыргызстанда 66 миңден ашык бала мектепке катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматта айтылат.   Эске салсак, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу катталган дарек боюнча 1-июнга чейин жүргүзүлөт.   Өлкө 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр дароо биринчи жана экинчи класстарга каттоо жүрүүдө. Система… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы беш жылда керектөө баасы 57,6%га өстү

Кыргызстанда акыркы беш жылда керектөө баасы 57,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.   Эң көп өсүш тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар боюнча катталган – дээрлик 69%. Алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин баасы 65%га, азык-түлүк эмес товарлар 47%га, калкка кызмат көрсөтүү дээрлик 38%га өскөн.… Кененирээк…