Нарын–Орук-Там жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди

Нарын–Орук-Там жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кар көчкү аталган жолдун 60-чакырымына бүгүн түшкөн.   Учурда №8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага алайык, 9-10-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт.   Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.… Кененирээк…

Европа өлкөлөрүнөн саякатчылар менен биринчи туристтик поезд Бишкекке келди

Европа өлкөлөрүнөн саякатчылар менен биринчи туристтик поезд Бишкекке келди. Маршрут Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанды камтыйт.   Поезд 11 вагондон турат жана жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 80ден ашат.   Белгилеп кетсек, ушул сыяктуу туристтик поезддер буга чейин да Кыргызстанга келип, чет элдик туристтердин кызыгуусун жаратууда.   Ушул… Кененирээк…

Бишкекте Ботаникалык бакты реконструкциялоо иштери башталды

Бишкекте Ботаникалык бакты реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бакчанын айланасында тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулуп, тротуарлар жаңыланып ирээтке келтирилет.   Ошондой эле шаар тургундарына жана конокторуна сейилдөө жана эс алуу үчүн коопсуз жана жагымдуу шарттарды түзүү пландаштырылууда.   Ушул… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миңден ашык абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миңден ашык абитуриент катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, бул көрсөткүч азырынча акыркы эмес, анткени маалыматтар дагы эле келип түшүүдө.   Ошондой эле тесттик борборлор жана материалдар басып чыгарууга даярдалып,… Кененирээк…

Кара-Суу шаарында Эркин участогун сугаруу үчүн суу өткөрүүчү линия курулат

Ош облусунун Кара-Суу шаарында Эркин участогун сугаруу үчүн суу өткөрүүчү линия курулат. Тиешелүү тендерди шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаменти жарыялады.   Сметалык чыгымдар 12,6 миллион сомду түзөт. Иш ушул жылдын ичинде бүтүшү керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Жалал-Абад облусунда Каракөл ГЭСинин курулушу уланууда

Жалал-Абад облусунда Каракөл ГЭСинин курулушу уланууда.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда башкы суу алуучу блоктун курулуш-монтаждоо иштери, ошондой эле басым түтүгүн орнотуу иштери аяктады. Азыркы тапта ГЭСтин имаратынын курулушу жүрүп жатат.   Объект келерки жылдын биринчи жарымында ишке берилүүсү күтүлүүдө.   Орто эсеп менен станция… Кененирээк…

Кытайда туризм тармагында жаңы тенденция пайда болду

Кытайда туризм тармагында жаңы тенденция пайда болду.   Цзянси провинциясындагы тоолуу курорт туристтер үчүн эскалаторлорду орнотуп жатат. Эми зыяратчылар тоого такыр чарчабай чыга алышат.   Бирок Интернеттеги талкууларда кытайлыктар ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Айрымдар тоону мурда көрө албагандар үчүн эми жеткиликтүү болот деген ойду… Кененирээк…

Ордо калаада алгачкы жоогазындар гүлдөдү

Ордо калаада алгачкы жоогазындар гүлдөдү.   Бишкектин тургундары Эмен багындагы, филармониянын имаратынын жанындагы, Театралдык жана дене тарбия аянттарындагы, ошондой эле Жеңиш паркындагы, Ататүрк паркындагы гүлдөргө суктанса болот.   Бул сезондун өзгөчөлүгү – Голландиядан тандалган жана жеткирилген дээрлик 236 миң жоогазындары болуп саналат.   Ушул жана… Кененирээк…

Ош шаарында Ленин көчөсүн кеңейтүү иштери башталды

Ош шаарында Ленин көчөсүн Асранкулов көчөсү менен кесилишинен Нурматов көчөсүнө чейин кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 12,5 метрге кеңейтилет.   Кеңейтилген аянттын ичинде тротуар, жашыл аймак жана ирригациялык тармактарды куруу да каралган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…