Россиядагы 78 миң кыргызстандык укуктук макамын мыйзамдаштырышы керек

Россиядагы 78 миң кыргызстандык өзүнүн укуктук макамын мыйзамдаштырууга тийиш. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Байбосов билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда аталган өлкөнүн миграциялык каттоосунда 379 миң кыргыз жараны турат. Алардын ичинен 85 миңдейи бул өлкөдө мыйзамсыз жүрөт деп катталган.   Чиновник кошумчалагандай,… Кененирээк…

Кыргызстанга жумуртка алып кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстанга жумуртка алып кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чектөө алты ай күчүндө болот жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталат.   Бирок жумуртканы импорттоого тыюу салуу кайсы учурдан тарта күчүнө… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун I окууда колдоду

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Парламенттен билдиришкендей, Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун маданият министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды. Анын максаты КР Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз… Кененирээк…

Түркияда жумуртканын баасы эки эсе кымбаттады

Түркияда жумуртканын баасы кескин жогорулап, акыркы төрт айда эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу “Азертадж” маалымат агенттиги жазды. Маалыматка караганда, баалардын көтөрүлүшүнө экспорттун көбөйүшү себеп болууда. Өткөн жылдын декабрь айында 30 даана жумуртканын бир таңгагы дүкөндөрдө 100-120 лира болсо, бүгүнкү күндө 250 лирага чейин сатып алууга… Кененирээк…

Бишкекте заманбап IT-хаб курулат

Бишкекте заманбап IT-хаб курулат. Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангуловдун айтымында, долбоор кореялык адистер менен биргеликте жүргүзүлүүдө.   Чиновник белгилегендей, анда жылына 5 миңге чейин мамлекеттик кызматкерлер окуудан өтүп, алардын квалификациясы жогорулатылат.   Объект ордо калаанын жогорку бөлүгүндө жайгашат. Учурда жер тилкеси аныкталып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси… Кененирээк…

Армян, абхаз номерлүү унааларды легалдаштырууда жеңилдиктер берилди

Армян, абхаз номерлүү унааларды легалдаштырууда жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев тиешелүү машинелердин ээлеринин өкүлдөрү менен жолукканда белгилүү болду.   Ага ылайык, армян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамдаштырууда алынуучу 100 миң сомдун ордуна кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки автоунааларга 50… Кененирээк…

УКМК Ош шаарынын мэринин калаага кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин калаага кирген унаалардан акы алуу сунушун УКМК колдобойт. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.   Мекеме демилге ишке ашса бардык чыгымдар карапайым элдин мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Белгиленгендей, УКМК мындан ары бардык кызмат адамдарын… Кененирээк…

Санарип сомдун прототибин сыноо апрелдин ортосунда башталат

Санарип сомдун прототибин сыноо апрелдин ортосунда башталат. Улуттук банктан билдиришкендей, тестирлөө бир нече этап менен өтөт.   Маалым болгондой, 20-мартта Жогорку Кеңеш санарип сомдун укуктук статусу боюнча бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Алар 2027-жылдын январында күчүнө кирет.   Ага ылайык, санарип сом Кыргызстанда… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстанда инфляция эки эседен ашык төмөндөдү

Кыргызстанда орточо жылдык инфляция 2023-жылдагы 10,8%дан 2024-жылы 5%га төмөндөдү. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн маалым болду.   Алар инфляциянын төмөндөшүн чийки заттын арзандашы жана алмашуу курсунун туруктуулугу менен байланыштырууда.   Маалыматка ылайык, инфляция Улуттук банктын 5-7% максаттуу чегинде сакталды. Баалардын өсүү темпи… Кененирээк…

Ош шаарына кирген унаалардан акы алуу сунушталды

Ош шаарына кирген унаалардан акы алуу сунушталды. Мындай демилгени түштүк калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди.   Ага ылайык, жеңил унаалар үчүн 50-100 сом, жүк ташуучу машиналарга 100 сомдон 150 сомго чейин акы төлөө керектиги айтылды.   Маалыматка ылайык, күн… Кененирээк…