Тоолуу аймактарда сел коркунучу бар

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 13-14-апрелде айрым жерлерде суу ташкыны жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Эс алуучуларга жана жарандарга этият болуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу 21-апрелде өчүрүлөт

Бишкекте ысык суу 21-апрелде өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду.   Мындай чара профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жыл сайын кабыл алынат. Бул келерки жылытуу мезгилине жабдууларды сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн зарыл.   Шаар бийлиги ысык сууну 31-майдан тарта… Кененирээк…

Ипотека аркылуу дагы 612 батир ээлерине берилди

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулган дагы 612 батир ээлерине тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.   Мамлекет башчы билдиргендей, жакында ордо калаанын «Мурас» турак жай комплексинде дагы 600гө чукул батир, Жалал-Абад шаарында 1,5 миңдей батир кезек күткөн жарандарга берилет.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Оштогу Масалиев көчөсүнө веложол менен тротуарга асфальт төшөлүүдө

Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү менен кесилишкен Кара-Суу көчөсүнөн баштап Ж.Раимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун эки тарабына аллея курулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, куруу иштерине 10го жакын атайын техника тартылып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар менен веложол дагы курулуп, жаңы жашыл аймактар түзүлүүдө. Белгиленгендей, иштер мэри Жеңишбек Токторбаевдин… Кененирээк…

Бишкекте жаңы автобустук каттамдар жүрө баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта №61, №45, №35 автобустук каттамдар жүрө баштады.   Муниципалитеттен билдиришкендей, №61 автобус Киркомстром — Көк-Жар багыты боюнча жүрөт. №45 коомдук транспорт 10-кичи район — Алыкулов — 7-Апрель көчөлөрүнүн схемасы боюнча айланма жол менен жүрөт. Бул каттам №35 автобуска карама-каршы багытта болот.  … Кененирээк…

Эртең жана бүрсүгүнү Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Эртең жана бүрсүгүнү Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Иш-чара эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин уланат. Анда социалдык маанилүү азык-түлүк дүң баада сатылат.   Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

15-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Мэриядан билдиришкендей, чектөө Сарбан, Жал айылдарында жана Орок, Сары-Өзөн, Ак-Ордо, Ак-Ордо конуштарында эртең мененки саат 10дон түнкү 10 го чейин күчүндө болот.   Мындай чаралар ремонттук байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Балыкчыда темир жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Балыкчыда темир жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, иштер жай мезгилинде Бишкек-Балыкчы поезд кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.   Маалым болгондой, оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле көл жээгине – Балыкчыдагы пляжга чейин жете алышат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланат

Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын долбоорун тандоо боюнча комиссия сынакка келген 285 арыздын баарын четке какты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, кызуу талкуунун жыйынтыгында бир дагы долбоор өтпөй калган.   Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, азыркы гимн сунушталып жаткан варианттарга караганда бир топ жакшы.… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер айрым отчетторду тапшыруудан бошотулат

Кыргызстанда мугалимдер айрым отчетторду тапшыруудан бошотулат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бул дебюрократизация саясатынын алкагында жүргүзүлүүдө.   Учурда атайын түзүлгөн жумушчу топ мугалимдер үзгүлтүксүз тапшырууга милдеттүү болгон отчеттордун бардык түрлөрүн тыкыр талдап чыгууда. Анын алкагында кайталанма жана натыйжасыз документтер жоюлат.   Ушул жана… Кененирээк…