Ордо калаанын Биримдик-Кут конушунда алгачкы бала бакча пайда болот
Ордо калаанын Биримдик-Кут конушунда алгачкы бала бакча пайда болот. Тиешелүү тендерди капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Долбоорду ишке ашырууга 175 миллион сом багытталып, каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Бала бакча 280 орундуу болот. Эске салсак, административдик-аймактык реформанын алкагында Биримдик-Кут конушу Бишкектин Свердлов районуна кошулду.









