Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана август айларында катталат. Адатта зыян курттар Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет.   Жаратылыш койнуна чыккандар жабык кийинүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын энцефалит кенелеринен 1 миңге чукул адам жабыркайт.

Бишкек — Ош унаа жолунда 750 метрлик туннель курулат

Бишкек — Ош унаа жолунда 750 метрлик туннель курулат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Объект трассанын 400-чакырымында жайгашат.   Долбоорду япониялык компания ишке ашырат. Күтүлгөндөй, курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталат деп күтүлүүдө.

Балыкчы шаарынын кире беришинде “Кыргыз дүйнөсү” аттуу туристтик комплекс курулат

Балыкчы шаарынын кире беришинде “Кыргыз дүйнөсү” аттуу туристтик комплекс курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Шаардын кире беришиндеги эко-пост алынып, анын ордуна комплекс пайда болот. Негизги аймагы Семенов Тянь-Шань эстелигинин жанында жайгашат. Курулуш иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат деп күтүлүүдө.

Жеке ишкерлерге “Кичи, чакан жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 8 миллиард 847 миллион сомдон ашык берилди

Жеке ишкерлерге “Кичи, чакан жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 8 миллиард 847 миллион сомдон ашык берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, пайызсыз кредитти 11 миң 500 бизнесмен алды.   Ведомстводон эске салышкандай, долбоор 2021-жылы кичи ишкерликти колдоо максатында ишке кирген. Жеке ишкерлер анын алкагында… Кененирээк…

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.   Ал президенттик шайлоону эми январдын аягында өткөрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.   Азыркы мыйзамга ылайык, добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисинде… Кененирээк…

Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды

Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Буга чейин ал Кыргыз медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы жана Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунун директору кызматтарын… Кененирээк…

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда салттуу режимде өтөт

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда салттуу режимде өтөт. Жүрүштүн координатору Зульфира Хайбуллина билдиргендей, кыймыл Түштүк дарбазадан башталат.   Башталышы эртең мененки саат 9да. Жүрүш Абрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин болот. Акция ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта, Токмок жана башка шаарларда өтөт.

Бишкекте Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 5 мектеп курулат

Бишкекте Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 5 мектеп курулат. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, иштер фонд каржылаган долбоордун экинчи фазасынын алкагында ишке ашат.   Андан тышкары, ордо калаада 7 кошумча корпус, Чүй облусунда 2 жаңы мектеп пайда болот. Ведомстводон эскертишкендей, 1-фазанын алкагында республика… Кененирээк…

Жалал-Абадда электр тармактары жаңыртылат

Жалал-Абадда электр тармактары жаңыртылат. Иштердин алкагында Гулистан, Чолок-Терек, Ынтымак, Кыргызстан айылдарында жана Курманбек кичи районунда 57 чакырым электр өткөрүү линиялары жаңыртылып, 460 мамы орнотулат.   Бул электр энергиясынын сапатын жакшыртып, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алат. Ремонттук иштер ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Бишкекте беш көмүр отканага жылуулук насостору орнотулду

Бишкекте беш көмүр отканага жылуулук насостору орнотулду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.   Жылуулук насостору  №118, №111, №106 мектептерде жана №55, №56 бала бакчаларда орнотулду. Белгилеп кетсек, жылуулук насостору алдыдагы жылытуу мезгилинде иштей баштайт… Кененирээк…