Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт
Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 22-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте уюштурулат. Жумуш издөөчүлөргө 40 компаниядан 5 миң бош орун сунушталат. Жарандар иш берүүчүлөр менен түздөн түз баарлашып, кызыктырган жумушу боюнча маалыматты ала алат.









