Ала-Букада чек арачылар үчүн кызматтык үйлөрдүн курулушу башталды
Ала-Букада чек арачылар үчүн кызматтык үйлөрдүн курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чек арачылар үчүн үч блоктон турган 30 батирлүү турак-жай комплекси курулат. Курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин аяктоо пландалууда.









