Манастын айкели ордуна май айында коюлат

Манастын айкели ордуна май айында коюлат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда объекттин постаментинин курулушу уланууда.   Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы Манастын айкели турган жерде реконструкция иштери 16-январда башталып, эстелик убактылуу муниципалдык базага көчүрүлгөн.   Эске салсак, борбордук аянттагы Манастын айкели Эркиндик статуясынын ордуна… Кененирээк…

Кыргызстанда үч завод ишке берилет

Кыргызстанда “Кант» цемент заводу, “Майлуу-Суу» лампа заводу жана “Асыл Таш” керамика заводу ишке берилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган объекттер жакында ачылат.   Мындан тышкары, быйыл өлкөдө жалпысынан 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тармактагы инвестициянын көлөмү… Кененирээк…

Дыйкан-фермерлерге 2 млрд сомго жакын насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 13» долбоорунун алкагында республика боюнча 3 миң 200дөй айылдык товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилди.   Каржы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 1 млрд 920 млн сомдон ашты.   Кредитти мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөөчү технологиялар жана лизинг менен алектенгендер алса болот.… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкеси зым менен тосулат

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкеси зым менен тосулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, демаркациялоо жумуштары 1-майга чейин башталып, быйыл бүтөт.   Эске салсак, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушканда кыргыз-тажик чек… Кененирээк…

Сузакта 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу уланууд

Сузакта 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу уланууда.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу комплекси төрт блоктон турат. Долбоор боюнча лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк сактоочу жайы бар ашкана, актовый зал, психологдун жана дарыгердин кабинеттери каралган.   Белгиленгендей, мектептин эски имараты 1977-жылы… Кененирээк…

Биримдик-Кут конушун жарыктандыруу иштери аяктады

Бишкектеги Биримдик-Кут конушун жарыктандыруу иштери аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушта 200 заманбап чырак орнотулуп, 5 миң 400 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым тартылып, 68 сырткы жарык берүүчү түркүк орнотулду.   Натыйжада, аймак толугу менен жарыктандырылып, ыңгайлуулук жана коопсуздук жогорулаганы белгиленди.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Алтындын баасы дагы бир жолу өзүнүн тарыхый рекордун жаңылады

Алтындын баасы дагы бир жолу өзүнүн тарыхый рекордун жаңылады. Comex биржасынын маалыматына ылайык, металлдын баасы трой унцийи үчүн 3 миң 400 доллардан ашты.   Вашингтондун соода саясатынын шартында курстун өсүшү уланууда. Алтын дагы деле инвесторлор тарабынан коопсуз актив катары кабылданууда, дешет экономисттер.   Ушул жылдын… Кененирээк…

Ордо калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт

24-апрелде ордо калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт. “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин Кулатов, Панфилов, Горький, Минин, Бөкөнбаев, Исанов, Балтагулов көчөлөрүндө, ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектисинде суу өчүрүлөт.   Мындай чаралар ремонт иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда үч эс алуу жайы калыбына келтирилет

Быйыл Ысык-Көл облусунда үч эс алуу жайы калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кеп “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу борбору, “Жети-Өгүз” курорту жана “Улан” балдар лагери жөнүндө болуп жатат. Буга чейин үч объект тең Профсоюздар федерациясына тиешелүү болсо, учурда президенттин иш башкармалыгынын… Кененирээк…

Кыргызстанда ар бир бешинчи турак жай камсыздандырылган

Кыргызстанда ар бир бешинчи турак жай өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандырылган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда республикада 1 миллион 200 миң турак жай катталган, анын 22 пайызы камсыздандырылган.   Ушул жылдын биринчи кварталында 19 миллион сом компенсация төлөнгөн.   Камсыздандыруу полисинин баасы шаарларда 1 миң… Кененирээк…