1-класстын ата-энелери 1-июнга чейин мектепти тандаганын ырасташы керек

Быйыл балдары биринчи жолу мектепке бара турган ата-энелер 1-июнга чейин окуу жайды тандаганын ырасташы керек. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, учурда арыздарды кабыл алуунун биринчи этабы жүрүп жатат.   Бүгүнкү күндө мектептерде 193 миңден ашык бош орун бар. Ата-энелерге баласын мектепке каттоону акыркы күнгө… Кененирээк…

Түркияда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Түркиянын Стамбул шаарында бүгүн саат 15:50дө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) кабарлады. Маалыматка караганда, зилзаланын очогу калкы 160 миңден ашуун Бүйүкчекмеже аймагынан 40 чакырым түштүк-батышта болуп, 12 чакырым тереңдикте жайгашкан. Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.… Кененирээк…

Боом капчыгайындагы кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, тиешелүү жумуштар 28-апрелден 30-апрелге чейин аба ырайынын шарттарын эске алуу менен эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин болот.   Таштарды атайылап түшүрүү… Кененирээк…

Ноокатта 275 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Ноокат районунда 275 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектеп эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен болот. Билим берүү мекемеси заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана сапаттуу билим алууга шарт… Кененирээк…

Кытайдагы сулуулук салондору жасалма интеллектти колдоно башташты

Кытайдагы сулуулук салондору жасалма интеллект менен иштеген чач жуугуч аппараттарды колдоно башташты. Анда адамдын чачынын узундугун жана баш терисинин абалын аныктоо үчүн инфракызыл датчиктерди колдонушат. Андан кийин аппарат шампунду, жууй турган режимди жана баштын массажынын интенсивдүүлүгүн тандайт.   Бирок мындай жаңычылдык баарына эле жаккан жок.… Кененирээк…

Бишкектен “Ала-Арча” жаратылыш паркына автобус каттайт

Майрам күндөрү – 1-майдан 11не чейин Бишкектен “Ала-Арча” жаратылыш паркына автобус каттайт. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.   Автобустар эртең мененки саат 8ден кечки 7ге чейин иштейт. Зарыл болгон учурда транспорттун иштөө режими кайра каралат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

“Тулпар” картасы боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык түйүндөрдө “Тулпар” картасы боюнча акция уюштурулуп, 175 сомго бир жылдык карта утуп алуу ыктымалдыгы боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.   Мэрия “Тулпар” долбоору эч кандай лотерея, акциялар жана конкурстарды өткөрбөй турганын билдирди.   Мындан улам, шектүү шилтемелерди баспай, этият болуу сунушталат.  … Кененирээк…

«Түндүк» системасындагы документтердин кагаз түрүндөгүсүн талап кылуу токтотулат

1-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында “Түндүк” системасында бар күбөлүктөр жана башка документтердин кагаз түрүндөгүсүн талап кылуу токтотулат.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, жаңычылдык 50 жана андан улуу курактагы адамдарга, жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына жана маалымат Кыргызстандан тышкары жерлерде колдонуу үчүн зарыл болгон учурларга… Кененирээк…

Баскетболчу Майкл Жордан тарыхта эң көп акча төлөнгөн спортчу аталды

Баскетболчу Майкл Жордан тарыхта эң көп акча төлөнгөн спортчу аталды. Sportico версиясы боюнча анын кирешеси 4 миллиард долларды түздү. Экинчи орунда америкалык гольфчу Тайгер Вудс 2,79 миллиард доллары менен турат.   Үчүнчү сапка португалиялык футболчу Криштиану Роналду жайгашат, анын кирешеси 2,38 миллиард долларга барабар. Рейтингге… Кененирээк…

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске патент системасы эки айдын ичинде кайтарылат

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске патент системасы эки айдын ичинде кайтарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.   Анын айтымында, президент Садыр Жапаров салык системасын жеңилдетүү тууралуу жарлыктарга кол койгон, эми өкмөт мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке киргизет.   Документ парламенттен өткүчө… Кененирээк…