Хоккей: Кыргызстандын командасы Түркмөнстанды утуп алды

Хоккей боюнча III дивизиондун командалары арасындагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы төртүнчү беттешин өткөрдү. Кыргызстандыктар Түркмөнстан курамасы менен кез келип, 8:1 эсебинде жеңишке жетишти.   Төрт турдан кийин биздин хоккейчилер турнирдик таблицада биринчи орунду ээлешүүдө. Алар буга чейин Люксембург, Түштүк Африка жана Босния жана Герцеговинаны… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда эки жолу жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты. Биринчи жер титирөө саат 16:32де болду. Жердин силкинүүсү Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 6 чакырым, Баткен шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Экинчи зилзала саат… Кененирээк…

Азербайжан Кыргызстанга 10 өрт өчүрүүчү унаа берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан өлкөсүнүн 10 өрт өчүрүүчү техника тапшырылды. Иш-чарага министр Бообек Ажикеев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин катышып, түрк тилдүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтыгы достук маанайда өнүгүп келгендигине жана дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн жаралган өзгөчө кырдаалдардын коомчулукка тийгизген таасирине токтолушту. “Бүгүн… Кененирээк…

Ош облусунда бош орундар жарманкеси өтөт

Ош шаарында бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке 29-апрель күнү саат 10:00дөн 13: 00гө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында болот. Анда 40тан ашык компания ар кандай тармактарда 2 миңден ашык… Кененирээк…

Ошто 60 орундуу заманбап бала бакча ачылды

Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында бала бакча ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 60 орунга чакталган. Эки кабаттуу мекеменин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Бүгүнкү күндө бала бакчанын ички жана сырткы жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, зарыл жабдуулар менен камсыз болгон.… Кененирээк…

Кара-Сууда 10 жылдан бери бүтпөй жаткан мектептин курулушу аяктап калды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 10 жылдан бери бүтпөй жаткан мектептин курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, имарат 275 окуучуга чакталган.   Тендердик баасы 155 млн сомду түзгөн объект республикалык бюджеттен каржыланып келет.   Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 85 пайызы аяктады. Мектепти быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 8 миң 253 сом деп эсептелди

Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 8 миң 253 сом деп эсептелди. Жылдын биринчи жарымындагы маалымат менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү.   Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өскөн.   Маалыматка ылайык, калктын эмгекке жарамдуу катмарынын жашоо минимумунун өлчөмү 9 миң 217 сом болсо, пенсия курагындагылардыкы… Кененирээк…

Бишкекте алты миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте алты миңден ашык абонент карыздын айынан жарыксыз калышы мүмкүн. Борбор калаанын электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү дүйшөмбү күнү, 28-апрелде болот.   Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн төлөмдөрдү алдын ала жүргүзүү керек. Муну терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу ишке ашырса болот.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Баткендин кулпунайы Россия жана Казакстанга эккпорттоло баштады

Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кулпунай Кадамжай районундагы Актурпак айыл аймагындагы айыл чарба кооперативинде өстүрүлөт. Товардын килограммы 420-430 сомдон экспорттолууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Ошто жүзүн толук жапкан 300дөй адамга эскертүү берилди

Ошто жүзүн толук жапкан 300дөй адамга эскертүү берилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 23-24-апрель күндөрү калаадагы коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иши уланды. Анын алкагында эреже бузган 300гө жакын адам аныкталды.   Эске салсак, быйыл январь… Кененирээк…