Ош облусунда жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Ош облусунда жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 275 орундуу объект Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жайгашат.   Имаратта негизги окуу класстарынан тышкары, медициналык кабинет, компьютердик класстар жана спорт зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы 155 миллион сомду… Кененирээк…

Улуттук банк кыргызстандыктарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк кыргызстандыктарды шылуундардан сак болууга чакырат. Бүгүнкү күндө белгисиз адамдар өздөрүн мобилдик байланыш операторлору, Улуттук банк же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды алдоого аракет кылууда.   Алар “Түндүк” порталы аркылуу жеке маалымат сыртка чыгып кеткенин айтып, андан соң, жарандын атына кредит алынганын… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталганын жарыялады

Билим берүү министрлиги президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталганын жарыялады. Максаты — өлкөнүн таланттуу жаштарына дүйнөнүн мыкты окуу жайларында билим алуусуна колдоо көрсөтүү болуп саналат.   Жыл сайын техникалык, инженердик, экономикалык, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча 50 стипендия бөлүнөт.

Ош облусунда 60 орундуу оорукана курулду

Ош облусунда 60 орундуу оорукана курулду. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, медициналык жай Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашат.   Оорукана заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Долбоорду ишке ашырууга 133 миллион сом жумшалды. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

1-июлдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салынып баштайт

1-июлдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салынып баштайт. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматы эскертет. Айыптын өлчөмү жеке жактарга   3 миң сомду түзөт.   Эске салсак, 2023-жылдын 1-апрелинен тарта башка мамлекеттерде катталган унааларга жана юридикалык жактарга милдеттүү камсыздандыруу киргизилген. Мындай категориядагы унаа ээлеринин… Кененирээк…

Азыркы замандын адамы смартфонго орточо эсеп менен жылына 88 күн кетирет

Азыркы замандын адамы смартфонго орточо эсеп менен жылына 88 күн кетирет. Мындай тыянакка окумуштуулар келди. Изилдөөгө АКШ, Улуу Британия, Испания, Вьетнам, Африка өлкөлөрү, Бразилия, Германия, Индия жана Бириккен Араб эмираттарынан 17 миң адам катышты.   Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы, же 47 пайызы “дайыма онлайн” экенин… Кененирээк…

Кыргызстан The Guardian басылмасынын версиясы боюнча 2025-жылы саякаттоого сунушталган эң мыкты багыттардын катарын толуктады

Кыргызстан The Guardian басылмасынын версиясы боюнча 2025-жылы саякаттоого сунушталган эң мыкты багыттардын катарын толуктады. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.   Журнал белгилегендей, Кыргызстан көз жоосун алган ландшафттары, бай маданий мурасы жана салттуу меймандостугу менен өзгөчөлөнөт. Тизмеге ошондой эле Гана, Франция, Шотландия, Италия жана Эквадор кирген.

Кыргыз-тажик чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-тажик чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-майда “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү Кытайда “Эмгек күнү” белгиленгенине байланыштуу жабык болот.   Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.

Кочкор районундагы Калмак-Ашуу ашуусу унаа кыймылына ачылды

Кочкор районундагы Калмак-Ашуу ашуусу унаа кыймылына ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, кечээ Сары-Булак — Соң-Көл унаа жолун кардан жана кар күрткүлөрдөн тазалоо иштери аяктады.   Эске салсак, адатта Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын аба-ырайынын катаал шарттарынан улам күздөн жазга чейин жабык… Кененирээк…