Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иши башталды

Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иши башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Чек араны тосуу иштери үчүн  аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техника алынып келинди. Биринчи этапта                             420 чакырым аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым… Кененирээк…

Ушул жылдын үч айында Кыргызстанда үч миңге жакын жер титирөө катталды

Ушул жылдын үч айында Кыргызстанда үч миңге жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун окумуштуу катчысы Жибек Калыкова билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө жылына 9 миңден 12 миңге чейин жер титирөө катталып турат.   Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында 21 сейсмикалык станция… Кененирээк…

Бишкекте кичи райондордун жолдорун капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

Бишкекте кичи райондордун жолдорун капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.   Мэриядан маалым болгондой, учурда 9-кичирайондо Малдыбаев көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейин жумуштар жүрүүдө. Бригада эски асфальтты алмаштырып, жол бордюрларын орнотууну аяктады.   6-кичирайондо Сухэ-Батор көчөсүнөн Каралаевге чейинки жолдун үстүн жабууга фундамент даярдалууда. Жеринде жол бордюрлары да… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 9% бойдон калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9% бойдон калтырды.   Маалыматка ылайык, Кыргызстан керектөө жана инвестициялык суроо-талаптын кеңейген шартында жогорку экономикалык активдүүлүктү сактап турат. Банктар аралык акча жана валюта рынокторунда абал туруктуу бойдон.   Биринчи кварталда ИДПнын реалдуу өсүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1 пайызды түздү.… Кененирээк…

Жалал-Абадда 870тен ашык ипотекалык батир ээлерине тапшырылат

Жакында Жалал-Абадда 870тен ашык ипотекалык батир ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан маалым болду.   Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга Tunduk тиркемеси аркылуу арыз берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул демилге эң кыска мөөнөттө ишке кирет деп күтүлүп жатат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Мындан ары президенттик шайлоо январь айынын төртүнчү жекшембисинде өтөт

Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоо январь айынын төртүнчү жекшембисинде өтөт. Тиешелүү мыйзам долбооруна Садыр Жапаров кол койду.   Документти депутаттар 16-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт.   Эске салсак, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам… Кененирээк…

Кочкор районунда дээрлик 400 млн сомго автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап автовокзалдын курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, республикалык бюджеттен каржыланган долбоордун тендердик баасы дээрлик 400 млн сомду түзөт.   Жаңы автовокзал эки кабаттуу болуп, заманбап стандарттарга жана талаптарга ылайык келет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин бир конушунда таза суу жок болот

Бүгүн Бишкектин “Красный строитель” конушунда жана “Красный строитель” шаарчасында таза суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Өчүрүү эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин күчүндө болот. Мунун себеби авариялык оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы керек.   Ушул жана… Кененирээк…

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет. Бул үчүн президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүнөт.   Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери бар жана алардын ар бири бир жолку материалдык жардам алат.   Эске салсак, быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке… Кененирээк…

Кыргызстанда гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбайт

Кыргызстанда гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбайт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, мекеме аралык комиссия 4-5 вариантты тандап алып жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап, Жогорку Кеңешке сунуштайт.   Андан кийин музыкасына сынак жарыяланат.   Эске салсак, буга чейин мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын… Кененирээк…