2-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

2-июнда Бишкектин айрым аймактарында диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну… Кененирээк…

Балдар күнүнө карата борбордо «Наристе» фольклордук фестивалы өтөт

Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майдан 4-июнга чейин Бишкекте 11 мамлекеттин жана өлкөнүн бардык облустарынын келген таланттуу балдардын катышуусунда бешинчи эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, эртең, 31-майда балдар… Кененирээк…

Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ремонттон соң ачылды

Бишкекте жол оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктаганына байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабынан унаа кыймылы үчүн ачылды.   Мэриядан билдиришкендей, учурда Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачык.

Ферганада кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү

Өзбекстандын Фергана облусунда 28-29-май күндөрү кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү кабарлады. Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарынан 30дан ашык ишкерлер жана кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери кеңири… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар салттуу жаа атуу боюнча дүйнө чемпиону болушту

25-27-май күндөрү Стамбулда салттуу жаа атуу боюнча 13-эл аралык Fetih Kupası турнири өттү. Салбуурун федерациясынан билдиришкендей, турнирге 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты. Кыргызстандык спортчулар бул турнирде өзгөчө ийгиликтерге жетишти. Алсак, Ынтымак Мурадил уулу эркектер арасындагы индивидуалдык мелдеште алтын медаль жеңип, дүйнө чемпион болду.… Кененирээк…

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен келди. Мамлекет башчынын учагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана… Кененирээк…

Кыргызстанда “Балдар статистикасы” интерактивдүү порталы ишке кирди

Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук статистика комитети, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Балдардын статистикасы” жаңы интерактивдүү порталы расмий түрдө ишке киргизди. “Балдардын статистикасы” интерактивдүү порталы – бул ар кандай чөйрөдө балдардын абалына байланыштуу негизги көрсөткүчтөрдү ыңгайлуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортуна үчүнчү телескоптук трап орнотулду

“Манас” эл аралык аэропортуна үчүнчү телескоптук трап орнотулду. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришкендей, жаңы жабдуулар жүргүнчүлөрдү учакка отургузууда жана учактан түшүрүүдө, айрыкча каттамдар бир убакта келген учурда тейлөө процессин тездетет.   Кошумча трапты орнотуу жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга жана аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.   Ушул… Кененирээк…

Эртең Кыргызстанда айрым мамлекеттик уюмдар иштейт

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ишемби күнү Мамлекеттик салык кызматы, Бажы кызматы жана Каржы министрлигинин Борбордук казынасы үчүн иш күнү болот.   Мындай чечим мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынды.   Улуттук банкка дагы 31-майда кадимки тартипте иштөө сунушу берилди.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкектин базарларындагы санитардык күндөр айына эки жолу гана болот

Бишкек шаарынын базарларындагы санитардык күндөр айына эки жолу гана болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Буга чейин ишкерлер муниципалитетке базарлардагы санитардык күндөрдүн белгиленген графигин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышкан.   Эске салсак, базарлар ар дүйшөмбү сайын жабылчу. Эми жаңы чечимге ылайык, соода жайлары айына эки… Кененирээк…