Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата юбилейлик медаль даярдалды

КМШ мамлекеттеринде 2025-жыл Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгы деп жарыяланган жана шериктештик өлкөлөрүндө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын комплекси даярдалган. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы 1941-1945» бирдиктүү юбилейлик… Кененирээк…

Бишкекте үч күн катары менен азык-түлүк жарманкеси өтөт

1-2-3-майда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурууда. Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкердикти колдоо боюнча ири долбоор башталат

Май айынан тартып Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жана жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштайт. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2025–2030-жылдарды камтып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана бизнес үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына унаа менен кирүүгө тыюу салынды

Бүгүнтөн тарта “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына унаа менен кирүүгө тыюу салынды. Уруксат бир гана электр кубаты менен жүргөн машинелерге берилет.   Бул тууралуу Президент администрациясынан эскертишти.  Маалыматка ылайык, эс алуучуларды паркка чейин электр унаалар ташыйт. Андан тышкары, эми Ала-Арчанын аймагында тамак-аш жасоого тыюу салынат. Мындай… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү Кытайда “Эмгек күнү” белгиленгенине байланыштуу жабык болот.   Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.

Кыргызстанда санариптик сомду алуудан баш тарткандарга айып салынат

Кыргызстанда санариптик сомду алуудан баш тарткандарга айып салынат. Президент Садыр Жапаров “Айрым мыйзам актыларына улуттук санариптик валютанын – санариптик сомдун укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.   Документке ылайык, жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.  … Кененирээк…

Айжигитов менен жубайы эки айга үй камагына алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов менен анын жубайы Гүлшат Жолдошеванын бөгөт чарасы тандалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту маалымдады. Билдирүүгө ылайык, жубайлар эки айга, тагыраагы ушул жылдын 2-июнуна чейин үй камагында болушат. Райондук сот УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырган. Айжигитов менен Жолдошева… Кененирээк…